Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда "Я-Ультра" компаниясы тарабынан уюштурулган "Ультра-Ысык-Көл" эл аралык марафону өтөт.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, марафон 5-майдан 10-майга чейин уланат.
Иш-чара көп күндүк ультрамарафончулардын глобалдык уюмунун (GOMU) макулдугу менен өткөрүлүүдө, бул көп күндүк ультрамарафондордун катышуучуларын бириктирген алдыңкы эл аралык уюм болуп саналат.
Ультра-Ысык-Көл марафону GOMU тарабынан дүйнөдөгү эң узун алты баскычтуу жарыш катары таанылган. Ысык-Көлдү айланып өткөн жолдун жалпы узундугу 460 чакырымды түзүп, алты этапка бөлүнөт:
I этап - Xuanzang Way/ Сюань Цзан жолу (85 км). Маршрут көлдүн түштүк жээги менен VII кылымда бул жакка саякат кылган атактуу кытай монахы Сюань Цзандын жолу менен өтөт.
II этап — Boom Wind / Боом шамалы (79 км) Жарыш Балыкчы шаары аркылуу өтөт.
III этап — Warm Sea / Жылуу деңиз (45 км)
Финиш — Ысык-Көл облусунун курорттук борбору болгон Чолпон-Ата шаарында.
IV этап — Nomad Games / Көчмөндөр оюндары (90 км)
Старт Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдандан башталат.
V этап — Seven Bulls / Жети бука (74 км)
Финиш — Жети-Өгүздөгү белгилүү Жети бука аскаларынын жанында.
VI этап — Fairy Tale / Жомок (87 км).
Финиш — "Жомок" каньонунда.
Коопсуздукту камсыздоо жана ыкчам медициналык жардам көрсөтүү максатында саламаттыкты сактоо кызматтары толук кандуу коштоп жүрүшөт. Бул иштерге жооптуу адис катары Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Айпери Исаева дайындалган.
Медициналык камсыздоо үчүн төмөнкү ресурстар тартылган:
- 3 тез жардам унаасы;
- медициналык чатырда иш алып барган 9 дарыгер жана 12 медайым;
- марафон трассасы боюнча кезектешип иштеген 6 дарыгер жана 6 медайым.