Бишкек, 19.09.26. /Кабар/. Талас шаарында “Манас деми – 2026” жарым марафону өтүүдө.
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чаранын байге фонду 1 млн сомду түзүп, ага 1 миң 500гө жакын адам катышууда.
Быйыл экинчи ирет уюштурулуп жаткан жарым марафон, спортту жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган.
Катышуучулар бир нече аралык боюнча күч сынашууда. Негизги жарыштар 21 жана 10 чакырымга, ошондой эле 3 чакырымга чуркоону камтыйт. Мындан тышкары, ден соолугунан мүмкүнчүлү чектелген спортчулар үчүн бир чакырымдык жарыш уюштурулууда.
Балдар үчүн “Балакай” жарышы өтүп, анда жаш балдар 500 метр аралыкка чуркашууда.
Белгилей кетсек, “Манас деми” жарым марафону алгач 2025-жылдын май айында өткөрүлгөн. Быйылкы иш-чара экинчи жолу Таластагы “Манас Ордо” комплексинде уюштурулууда.
Жарым марафондон түшкөн каражат Талас облусундагы балдар үйлөрүнө жана реабилитациялык борборлорго берилери кабарланган.
Марафон “Альянс Алтын” компаниясынын демилгеси, уюштуруучулугу жана демөөрчүлүгү менен өнөктөштөрдүн колдоосунда өтүүдө.