Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Бишкектик спортчулар 1–4-октябрь күндөрү Грециянын Салоники шаарында өткөн самбо боюнча дүйнө чемпионатында үч медаль жеңишти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Мэриянын маалыматына караганда, чемпионатка Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин спорттук күрөш боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары борбор калаанын курама командасынын курамында катышты.
Жоокердик самбодо 64 килограммга чейинки салмак категориясында Дастан Исаков биринчи орунду ээлеп, дүйнө чемпиону аталды.
Кадеттер арасында 98 килограммдан жогорку салмак категориясында Илья Сухинин коло медаль тагынды.
Ал эми 58 килограммга чейинки салмак категориясында кадеттер арасында Султан Жолболдуев чемпионаттын күмүш медалынын ээси болду.