Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарында коло медаль тагынды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал 68 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты. Алгачкы беттешинде өзбекстандык Фируза Есенбаеваны 8:0 эсебинде жеңип, кийинки баскычка өттү.
Жарым финалда Жуманазарова Түндүк Кореянын өкүлү Пак Сол Гум менен беттешип, жеңилип калды.
Коло медаль үчүн беттеште кыргызстандык балбан Түштүк Кореянын өкүлү Пак Хён Гёнду 8:1 эсебинде жеңип, Азия оюндарынын байге ээси болду.