Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Күн мурун "Манас" эл аралык аэропортунун аймагында Bishkek Snow Leopard Run жарышы жетинчи жолу өттү.
Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, ага дүйнөнүн 25тен ашык өлкөсүнөн 6 миңге жакын адам катышты.
Быйылкы жарышта алгачкы жолу 42,2 чакырымдык марафондук аралык уюштурулду. Катышуучулар 5, 14, 21,1 жана 42,2 чакырымдык аралыктарда күч сынашты. Ал эми 5 чакырымдык чуркоо залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналды.
Жарыштын эң улуу катышуучусу 80 жаштагы Виктор Тюменцев 14 чакырым аралыкты ийгиликтүү басып өттү.
Иш-чара ак илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн коргоого да багытталган. Жарыштан түшкөн старттык төлөмдөрдүн бир бөлүгү жаратылышты коргоо программаларын колдоого жумшалат.