Бишкек, 21.08.26 /Кабар/. Кыргызстан ири эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүүгө жөндөмдүү өлкө катары өзүнүн имиджин ийгиликтүү бекемдеди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Суу-мотор спорту федерациясынын операциялар боюнча директору Медербек Ырысалиев билдирди.
Анын айтымында, жакында өткөн чемпионат инфраструктуранын, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жеке сектордун биргеликте иштөөсүн сынады. Федерация тарабынан мамлекеттик органдар менен чогуу аткарылган көп иш өлкөнүн эң жогорку деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө даяр экенин көрсөттү.
"Биз эл аралык уюм менен 2030-жылга чейин жарыштарды өткөрүү боюнча меморандумга кол койдук. Бул дагы бир нече жыл бою турнирлерди уюштурууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, бул бир гана ушул мелдештерге эмес, башка дисциплиналарды кошууга да тиешелүү. Анткени “Формула-1” – бул эң жогорку категория, бирок биз өткөрө ала турган суу-мотор спортунун башка класстары жана түрлөрү да бар", - деп баса белгиледи Ырысалиев.
Ошондой эле федерациянын өкүлү белгилегендей, уюштуруу планына процесстерди дагы да натыйжалуу кылуу боюнча бир катар пикирлер түштү, ошол эле маалда эч кандай олуттуу кемчиликтер же каталар аныкталган эмес. Ошондуктан Эл аралык федерация кийинки этаптарды Кыргызстанда өткөрүүгө даяр экенин билдирди.