Бишкек, 21.08.26 /Кабар/. Кыргызстанда өткөрүлгөн экоакцияларда бардык уюштуруу иштери тийиштүү деңгээлде жүрүп, ыктыярчылар жатакана жана тамак-аш менен толук камсыздалган. Бирок, “Формула-1” боюнча дүйнөлүк чемпионат учурунда мүчүлүштүктөр болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын суу-мотор федерациясынын техникалык көзөмөл боюнча адиси Элдияр Манап билдирди.
Анын айтымында, иш-чарадагы ыктыярчылардын тамак-ашын подрядчылар камсыз кылган жана федерация бул процессти көзөмөлдөөгө жетише алган жок.
"Биз чоо-жайын толук тактап жатабыз. Федерация тарабынан сөзсүз түрдө кандайдыр бир кенемте төлөнөт жана биз чын жүрөктөн кечирим сурайбыз", - деди Элдияр Манап.
Элдияр Манап белгилегендей, уюштуруучулар сын-пикирлерди көзөмөлдөп, ар бир комментарийге, айрыкча экологиялык маселелер боюнча жооп берүүгө аракет кылышкан. Иш-чараларды чагылдыруу үчүн, журналисттерден тышкары, блоггерлер да чакырылган.
"Көз карандысыз эксперттердин баамында, маалымат каражаттарынын жана блогерлердин активдүүлүгүнүн аркасында, 31-июлдан 2-августка чейин “Формула-1” жөнүндө материалдар Кыргызстандагы маалымат айдыңынын 93%ын түзгөн", - деп билдирди Элдияр Манап.