Бишкек, 25.08.26 /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган ыктыярчыларга 700 даана атайын форманы тапшыруу аземи өттү.
Ведомстводон билдиришкендей, ыктыярчылар үчүн атайын форма Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Катчылыгы менен биргеликте иштелип чыккан.
Салтанатта маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков сөз сүйлөп, ыктыярчылардын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүүдөгү маанилүү ролун белгиледи.
Ал ыктыярчылар Кыргызстанга келген чет элдик меймандарды жана катышуучуларды алгачкылардан болуп тосуп алып, өлкө тууралуу алгачкы оң таасирди калыптандырууга салым кошо турган маанилүү команда экенин баса белгиледи.
Сөзүнүн соңунда министрдин биринчи орун басары VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга салым кошуп жаткан бардык тараптарга жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, ыктыярчыларга бекем ден соолук, күч-кубат, ийгилик жана көтөрүңкү маанай каалады.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 1–6-сентябрында Ысык-Көл облусунда өтөт. Оюндарга дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн спортчулар, маданият өкүлдөрү, меймандар жана туристтер катышат.