Бишкек, 21.08.26 /Кабар/. Кыргызстан суудагы суудагы "Формула-1" боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү эстафетасын расмий түрдө Шанхайга тапшырды. 20 миллион калкы бар мегаполис Ысык-Көлдөгү мелдештен кийинки дүйнөлүк чемпионаттын өтүүчү жери болот. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.
Анын айтымында, Шанхай болжол менен 300 миң конокту күтүп жатат, ал эми F1H2O этабынын өзү Кытай мегаполиси үчүн жылдын негизги спорттук иш-чарасы болот.
"Учурда биз журналисттер үчүн экскурсия уюштурууну пландап жатабыз. Ошондо алар чемпионаттын Кыргызстанда кандай өткөнүн жана Шанхайда кандай уюштурулуп жатканын салыштырып көрүшөт", - деп кошумчалады агенттиктин башчысы.