Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бүгүн, 20-февралда күн ачык болуп, абанын температурасы кескин жогорулайт. Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө жылуу аба ырайы күтүлүүдө.
Аймактардагы абанын температурасы:
- Чүй облусу: +18...+23°C;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен: +17...+22°C;
- Талас облусу: +16...+21°C;
- Ысык-Көл өрөөнү: +6...+11°C;
- Нарын облусу: 0...+5°C.
Борбор калаа Бишкекте абанын температурасы +21...+23 градуска чейин көтөрүлүп, күн ачык болот. Ал эми Ош шаарында термометрдин көрсөткүчү +18...+20 градуска чейин жетет.