Жаңы жылдык автобустар. Бишкекте эң креативдүү айдоочулар тандалды

Коом 31 декабрь 2025 15:25
402462.73de51a.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
608194315_8672.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
608292796_8672.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
608427552_8672.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
608621888_8672.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. “Бишкек шаардык транспорту” муниципалдык ишканасы жаңы жылдык майрамдарга карата уюштурулган “Автобустарды креативдүү кооздоо” сынагынын жыйынтыгын чыгарды.

Сынак шаар тургундары үчүн майрамдык маанай тартуулоо, коомдук транспортто кызмат көрсөтүү маданиятын өнүктүрүү жана айдоочулардын чыгармачыл демилгелерин колдоо максатында өткөрүлгөн.

Тандоонун жыйынтыгы менен төмөнкүлөр жеңүүчү аталды:

I орун - 8-автоколоннанын №153 маршрутунун айдоочусу Мусаев Жыргалбек жана 6-автоколоннанын №15 маршрутунун айдоочусу Замирбек уулу Майрамбек;

II орун - 3-автоколоннанын №42 маршрутунун айдоочусу Атантаев Нурлан;

III орун - 3-автоколоннанын №226 маршрутунун айдоочусу Жаңыбаев Мелисбек.

Жеңүүчүлөргө Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. “Бишкек шаардык транспорту” ишканасынан мындай демилгелер дагы улантыларын белгилешип, бул калаа тургундарына кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана шаар чөйрөсүн ыңгайлуу кылууга салым кошорун билдиришти.