Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. Жаңы Зеландиянын белгилүү маори музыканты жана композитору Хоромона Хоро VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы “Көчмөндөр санаты” фестивалына катышууда.
Музыкант Кыргызстанга биринчи жолу келгенин айтып, өлкөнүн жаратылышына суктанганын белгиледи.
“Кыргызстан керемет! Менин эне тилимде “Ataahua” деп айтылат. Бул “керемет” дегенди билдирет. Кыргызстанга биринчи жолу келишим. Тоолору абдан кооз, көлү да өзгөчө экен. Ата журтумду эске салып жатат. Өз үйүмдө жүргөндөй эле сезимдемин” — дейт ал.
Анын айтымында, ал бул фестивалга катышууну чыдамсыздык менен күткөн.
Музыкант сынакта маорилердин салттуу музыкалык аспаптарында өнөрүн тартуулайт. Алардын арасында пукаэа, пунгао, пумотомото, путорино жана поротити сыяктуу аспаптар бар.
“Жалпысынан алтыга жакын ар түрдүү салттуу маори музыкалык аспаптарын колдоном”, - деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.