Өлкөдө 2025-жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Шайлоого жалпысынан 1 млн 584 миң 446 шайлоочу катышып, бул жалпы шайлоочулардын 36,90 пайызын түздү. Ал 29 көп мандаттуу округда өтүп, жыйынтыгында парламентке 87 талапкер шайланды.

Ал эми №13 округунда шайлоо учурунда катталган мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоо жараксыз деп табылды. БШКнын маалыматына ылайык, бул округда кайра шайлоо 2026-жылдын 1-мартына белгиленди.
Маалым болгондой, шайланып келген 87 депутаттын ичинен 51и буга чейин мурунку чакырылыштарда депутат болуп иштегендер. Алардын айрымдары Жогорку Кеңешке үчүнчү, төртүнчү, атүгүл бешинчи жолу шайланып жатышат. Ал эми 36 адам депутаттык мандатты биринчи жолу алышты.
VIII чакырылыштагы эң улуу депутат - 69 жаштагы Гүлай Машрапова.
Эң жаш депутат - 25 жаштагы Бекмырза Чолпонбай уулу.
Ошондой эле бул жолу парламентке жалпысынан 27 аял депутат шайланды.

Мурунку чакырылыштарда депутат болгондор:
- Абдибаева Айсаракан Нышановна - “Ишеним” саясий партиясынан шайланган VII чакырылыштын депутаты. Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болгон. 2025-жылы №15 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланды.
- Абиров Жаныбек Болотбекович - VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №21 шайлоо округу боюнча шайланды.
- Ажибаев Чыңгыз Ильяскожоевич - VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №1 шайлоо округу боюнча шайланып, вице-спикер болуп дайындалды.
- Азыгалиев Нурланбек Асанбекович - VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №22 шайлоо округу боюнча шайланды.
- Акаев Жанар Кубанычович - VI жана VII чакырылыштардын депутаты болгон. 2025-жылы №8 шайлоо округу боюнча шайланды.
- Алиев Медербек Кубанычевич - VII чакырылышта “Ишеним” саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон. 2025-жылы №19 шайлоо округу боюнча шайланды.

- Алимжанова Нилуфар Якубжанова - “Альянс”саясий партиясынан VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №4 шайлоо округу боюнча шайланды.
- Аманова Бурун Кушбековна - “Ата-Мекен”партиясынан VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №2 шайлоо округу боюнча шайланды.
- Атажанов Ырысбек Ысламович - VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №3 шайлоо округу боюнча шайланды.
- Атамбаев Сеидбек Алмазбекович- VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №20 шайлоо округу боюнча шайланды.
- Бакасов Улан Болотбекович - VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №30 шайлоо округу боюнча шайланды.
- Бекешев Дастан Далабаевич - V, VI жана VII чакырылыштардын депутаты болгон. 2025-жылы №28 шайлоо округу боюнча шайланды.
- Жумабеков Дастанбек Артисбекович - V, VI жана VII чакырылыштардын депутаты, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери болгон. 2025-жылы №20 шайлоо округу боюнча шайланды.
- Исаева Жамиля Кубанычбековна - “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №26 шайлоо округу боюнча шайланды.
- Исираилов Азамат Алмазбекович - “Альянс” партиясынан VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №5 шайлоо округу боюнча шайланды.
- Калпаев Бактыяр Алиевич - VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №2 шайлоо округу боюнча шайланды.

- Кожокулова Гуля Акматкуловна - “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №22 шайлоо округунан шайланды.
- Козуев Алишер Абибиллаевич - “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №7 шайлоо округунан шайланды.
- Кокулов Эрулан Калчороевич - “Ынтымак” саясий партиясынан VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №28 шайлоо округунан шайланды.
- Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович - VII чакырылышта депутат болгон. 2025-жылы №9 шайлоо округунан шайланды.
- Култаева Гүлшаркан Оконовна - “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №14 шайлоо округунан шайланды.
- Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич - VI чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №23 шайлоо округунан шайланды.
- Зулушев Курманкул Токторалыевич - VI чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №10 шайлоо округунан шайланды.
- Кылычбаев Алтынбек Таирович - VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №13 шайлоо округунан шайланды.
- Мавлянова Махабат Эргешовна - VI чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №3 шайлоо округунан шайланды.
- Маматалиев Марлен Абдырахманович - VI жана VII чакырылыштардын депутаты болгон. 2025-жылы №23 шайлоо округунан шайланды.
- Масабиров Талайбек Айтмаматович - VI жана VII чакырылыштардын депутаты болгон. 2025-жылы №12 шайлоо округунан шайланды.
- Молдобекова Гүлкан Сакиновна - VI жана VII чакырылыштардын депутаты болгон. 2025-жылы №27 шайлоо округунан шайланды.
- Өмүрзаков Сүйүнбек Абдылдаевич - “Ишеним” саясий партиясынан VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №10 шайлоо округунан шайланды.

- Примов Улан Бердибаевич - VI жана VII чакырылыштардын депутаты болгон. 2025-жылы №11 шайлоо округунан шайланды.
- Рустамбек уулу Советбек - “Ишеним” саясий партиясынан VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №4 шайлоо округунан шайланды.
- Рысбаев Равшанбек Рысбаевич - VI жана VII чакырылыштардын депутаты болгон. 2025-жылы №3 шайлоо округунан шайланды.
- Садырбаева Жылдыз Эсенбековна - «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынан VII чакырылыштагы депутат болгон. 2025-жылы №21 шайлоо округунан шайланды.
- Саккараев Медербек Жаманкулович - VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №26 шайлоо округунан шайланды.
- Салымбеков Жумабек Мамытбаевич - VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №24 шайлоо округунан шайланды.
- Самаков Кубанычбек Карганбекович - VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №30 шайлоо округунан шайланды.
- Сулайманов Кундузбек Кошалиевич - VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №14 шайлоо округунан шайланды.
- Сулайманов Эльдар Нурланович - ”Ата-Журт Кыргызстан“ саясий партиясынан VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №5 шайлоо округунан шайланды.
- Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна - VI жана VII чакырылыштардын депутаты болгон. 2025-жылы №23 шайлоо округунан шайланды.
- Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович - VI жана VII чакырылыштардын депутаты болгон. 2025-жылы №29 шайлоо округунан шайланды.
- Таалайбек кызы Жылдыз - VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №30 шайлоо округунан шайланган. Вице-спикер болуп шайланды.
- Талиева Камила Абдыразаковна - V жана VII чакырылыштардын депутаты болгон. 2025-жылы №1 шайлоо округунан шайланды.
- Ташиев Шайырбек Кыдыршаевич - VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №14 шайлоо округунан шайланды.

- Тентишев Бакыт Эркинович - VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №11 шайлоо округунан шайланды.
- Төлөнөв Данияр Эрмекович - VI жана VII чакырылыштардын депутаты болгон. 2025-жылы №9 шайлоо округунан шайланды.
- Тургунбек уулу Нурланбек - VII чакырылыштын депутаты болгон. 2022–2025-жылдары Жогорку Кеңештин спикери кызматын ээлеген. 2025-жылы №15 шайлоо округунан шайланды. 2025-жылдын 17-декабрында кайрадан спикер болуп шайланды.
- Турсунбаев Азизбек Атакозуевич - III, IV, V, VI жана VII чакырылыштардын депутаты болгон. 2025-жылы №18 шайлоо округунан шайланды.
- Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич - VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №27 шайлоо округунан шайланды.
- Ханджеза Карим Лемзарович - VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №23 шайлоо округунан шайланды. Вице-спикер болуп шайланды.
- Шабазов Бахридин Валиевич - VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №25 шайлоо округунан шайланды.
- Эргешов Бекмурза Аскарбаевич - VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы №7 шайлоо округунан шайланды.
Алгач ирет депутат болуп шайлангандар:
Айтиев Темирлан Тынычбекович — №20 шайлоо округунан шайланды.
Акимбаева Гүлнара Орозбековна — №24 шайлоо округунан шайланды.
Аманова Санталат Абдылдаевна — №6 шайлоо округунан шайланды.
Аматов Жаныбек Жеңишбекович — №3 шайлоо округунан шайланды.
Ахмедова Айгүл Абдилхаевна — №5 шайлоо округунан шайланды.
Ашымбаева Токтобүбү Абасовна — №20 шайлоо округунан шайланды.
Баатырова Гүлнара Маришовна — мурунку саламаттык сактоо министри жана мурунку эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри, №10 шайлоо округунан шайланды.
Белеков Адилет Чолпонбекович — №29 шайлоо округунан шайланды.
Борбиев Болотбек Ибраимович — №24 шайлоо округунан шайланды.
Жалилов Азамжан Абдуллажанович — №9 шайлоо округунан шайланды.

Жаанбаев Уланбек Коргонбаевич — №4 шайлоо округунан шайланды.
Жороев Исманали Эгембердиевич — №1 шайлоо округунан шайланды.
Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна — №29 шайлоо округунан шайланды.
Жунушбаева Рахат Мырзабековна — №28 шайлоо округунан шайланды.
Ибрагимов Болот Адылбекович — №22 шайлоо округунан шайланды.
Исеналиев Эркинбек Аскеевич — №26 шайлоо округунан шайланды.
Кайрылбекова Медина Кайрылбековна — №16 шайлоо округунан шайланды.
Карыбек уулу Улукбек — №24 шайлоо округунан шайланды.
Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич — №21 шайлоо округунан шайланды.
Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович — №7 шайлоо округунан шайланды.
Кудайбердиев Алтынбек Мусажанович — №6 шайлоо округунан шайланды.
Курманалиева Жылдыз Кочкоралиевна — №12 шайлоо округунан шайланды.
Кылычбаев Алтынбек Таирович — №11 шайлоо округунан шайланды.
Машрапова Гүлай Эгемназаровна — №7 шайлоо округунан шайланды.
Муратбеков Табылды Муратбекович — №27 шайлоо округунан шайланды.
Сагынаев Болот Турусбекович — №28 шайлоо округунан шайланды.
Салямова Венера Хамзаевна — №11 шайлоо округунан шайланды.
Сатиева Гүлжан Эркинбековна — №18 шайлоо округунан шайланды.

Сейтказиева Эркеайым Алымовна — №25 шайлоо округунан шайланды.
Тайгараева Эдита Каныбековна — №19 шайлоо округунан шайланды.
Төрөбекова Нуржамал Турсуналиевна — №8 шайлоо округунан шайланды.
Узакбаев Улукбек Камчибекович — №17 шайлоо округунан шайланды.
Чолпонбай уулу Бекмырза — №12 шайлоо округунан шайланды.
Чомоев Бакыт Муратбекович — №18 шайлоо округунан шайланды.
Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевич — №19 шайлоо округунан шайланды.
Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна — №9 шайлоо округунан шайланды.
Эсенаманова Чолпон Замирбековна — №17 шайлоо округунан шайланды.