Жаңы "Ош" базары 100 пайыз мамлекеттик болот

Коом 4 сентябрь 2026 16:20
copyright icon www

Бишкек, 04.09.26. /Кабар/. Жаңы "Ош" базары 100 пайыз мамлекетке таандык болот. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жаңы базардын курулушунун жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди.

Иш башкармалыктын маалыматына ылайык, Каныбек Туманбаев объектти кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшүн жана инфраструктуранын даярдыгын көрүп чыкты. Бүгүнкү күндө жаңы Ош базарынын курулуш иштери болжол менен 90 пайызга аткарылды.

Каныбек Туманбаевдин айтымында, жаңы базардын ишмердүүлүгү толугу менен санариптик форматка өткөрүлөт. Базар администрациясы менен соодагерлердин ортосундагы өз ара байланыш мүмкүн болушунча электрондук форматка өтөт. Бул кезектердин жана адамдардын топтолушунун алдын алып, бардык процесстерди адам факторун аралаштырбай ачык-айкын жана ыңгайлуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

“Жаңы Ош базары 100 пайыз мамлекетке таандык болот. Жакынкы убакта соодагерлерди эски базардан жаңы базарга көчүрүү иштери башталат. Ага чейин бардык соода орундар толук даярдалып, зарыл талаптарга жооп бериши керек”, - деди Туманбаев.

Ал курулуш иштери аяктагандан соң соодагерлерге да, базарга келген жарандарга да эч кандай ыңгайсыздык жаралбашы керектигин белгиледи. Ушуга байланыштуу подряддык уюмдарга ишке жоопкерчиликтүү мамиле жасап, бардык тапшырмаларды сапаттуу аткаруу тапшырылды.

Мындан тышкары, Туманбаев курулуштун бардык этаптарында коопсуздук техникасынын талаптарын так сактоону, ошондой эле өрт коопсуздугу боюнча тиешелүү чараларды камсыз кылууну белгиледи.

Жаңы "Ош" базары заманбап талаптарга толук жооп бере тургандай уюштурулат. Анын аймагында кенен жана ыңгайлуу соода аянтчалары, унаа токтотуучу жай, жүргүнчүлөр жана жүк ташуу үчүн лифттер, ошондой эле коомдук тамактануучу жайлар жана башкалар каралат.

Жаңы "Ош" базарынын курулушун аяктап, жакынкы айларда пайдаланууга берүү пландалууда. Ошол эле учурда базардын аталышы өзгөртүлбөйт — ал “Ош” базары болуп кала берет.