Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Быйыл өлкө боюнча болжол менен 170 миң бала 1-класска барат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен "Кабар" агенттигине билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, 1-класска баруучу балдардын акыркы саны электрондук каттоодон өткөндөн кийин аныкталат.
Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарында болжол менен 25 миң бала 1-класска барат деп күтүлүүдө. Былтыр бул көрсөткүч 18 миңди түзгөн.