Баткен облусунда 15 миң 300 бала 1-класска кабыл алынды

Аймак 15 сентябрь 2026 11:15
Баткен облусунда 15 миң 300 бала 1-класска кабыл алынды
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Быйылкы жаңы окуу жылында Баткен облусунда 15 миң 300 бала биринчи класска кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облуста 236 мамлекеттик жана 22 жеке менчик билим берүү мекемесинде жалпы 131 миң 543 окуучу билим алууда.

Аларга 8 миң 471 мугалим билим берүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн, 15-сентябрда өлкөдөгү мектептер 1,5 миллион окуучуга эшигин ачты.