1-класска электрондук каттоо. Бир күндө 15 миңден ашык бала катталды

Билим Загрузка... 02 Апрель 2026 09:40
5429483689382448330_aLnGJyw.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. 1-апрелден тарта өлкө боюнча балдарды мектепке электрондук каттоо башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттоонун биринчи этабы саат 10:00дө башталган. Саат 17:30га карата өлкө боюнча 15 626 бала мектепке катталды.

  • Бишкек шаарында — 4 478;
  • Ош облусунда — 2 630;
  • Жалал-Абад облусунда — 2 505;
  • Баткен облусунда — 1 641;
  • Чүй облусунда — 1 582;
  • Ысык-Көл облусунда — 1 104;
  • Нарын облусунда — 641;
  • Талас облусунда — 535;
  • Ош шаарында — 510.

Министрликтен белгилешкендей, биринчи этапта ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) тиешелүү мектептин микроучастогу боюнча туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынууда.

Эске салсак, быйыл 1-класска 2017, 2018-жылдары (6-7 жаш) төрөлгөн балдар кабыл алынат.