1-класска каттоо: Эки күндө өлкө боюнча 29 миңге жакын бала катталды

Билим Загрузка... 03 Апрель 2026 10:55
WhatsApp Image 2026-04-03 at 07.55.17.jpeg

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда 1-апрелден тартып “Мектеп” (1mektep.edu.gov.kg) автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 1-класска 28 миң 908 бала катталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен маалымдашты.

  • Бишкек шаары — 6211,
  • Ош облусу — 5341,
  • Жалал-Абад облусу — 4715,
  • Чүй облусу — 3409,
  • Баткен облусу — 3134,
  • Ысык-Көл облусу — 2414,
  • Нарын облусу — 1386,
  • Ош шаары — 1007,
  • Талас облусу — 964.

Министрликтен белгилешкендей, быйыл республика боюнча 190 миңден ашык квота каралган.

Мектепке электрондук каттоонун биринчи этабында ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) тиешелүү мектептин микроучастогунда туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынууда.