ЖМКлардын жаңы реестри ишке кирип, каттоо эрежеси жаңыланды

Коом
ЖМКлардын жаңы реестри ишке кирип, каттоо эрежеси жаңыланды
copyright icon WWW

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Юстиция министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жаңы реестрин ишке киргизди.

Ведомствонун маалыматына караганда, ачык базага 2 959 басылма тууралуу маалымат киргизилип, бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болду.

Эми ЖМКны каттоо жөнүндө күбөлүк электрондук форматта берилет. Реестрге маалымат киргизүү мөөнөтү 7 жумушчу күндөн 3 күнгө чейин кыскартылды.

Уюштуруучу же ЖМКнын аталышы өзгөргөндө гана кайра каттоо талап кылынат. Башка маалыматтар өзгөрсө, 30 календардык күндүн ичинде министрликке кабарлоо зарыл.