Өндүрүш, экспорт, иш орундары: "Ачык кабинеттин" алкагында журналисттерге эмнелер көрсөтүлдү?

Экономика Загрузка... 30 Май 2026 20:20
WhatsApp_Image_2026_ePPhaeH.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында журналисттер менен бир күндүк иш сапарын өткөрдү. Күндүн жүрүшүндө министр өнөр жай ишканаларынын жана лабораториялардын иши менен таанышып, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү маселелерин талкуулап, ошондой эле 2026-жылдын аягына чейин ишке ашырылуучу жаңы өндүрүштүк долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Министрдин иш күнү ишкерликти колдоо, чакан жана орто бизнести насыялоо, аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана мамлекеттик жана улуттук долбоорлорду ишке ашыруу боюнча презентациялардан башталды.

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Аким Насиров учурдагы экономикалык абал жана өнүгүүнүн динамикасы республикада ишкердик активдүүлүктүн туруктуу өсүшүн тастыктап жатканын белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнес Кыргызстандын экономикасынын негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири болуп саналат.

Өз кезегинде министрликтин өнөр жай саясаты башкармалыгынын башчысы Арслан Базиев 2025–2026-жылдардагы өнөр жай секторунун өнүгүүсү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2025-жылдын январь-декабрь айларынын жыйынтыгында өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмү 799,7 миллиард сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 110,6 пайызга жеткен.

Ал маалымдагандай, “100 өнөр жай ишканасы – 2025” программасынын алкагында буга чейин 119 ишкана ишке киргизилген. Жалпы инвестициянын көлөмү 715,7 миллион АКШ долларын түзүп, 8 471 жаңы жумуш орду түзүлгөн.

Мындан тышкары, 2026-жылы дагы 113 долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Натыйжада 11 741 жаңы жумуш орду түзүлөт.

“Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы медиа долбоорунун алкагында Бакыт Сыдыков журналисттер менен бирге Стандартташтыруу жана метрология борборуна (“Кыргызстандарт”) барды. Министр мекеменин ишмердүүлүгү, учурдагы долбоорлору жана азык-түлүк менен айыл чарба продукцияларын сыноо лабораториясынын иши менен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө журналисттерге товарлардын сапатын текшерүү жана белгиленген стандарттарга ылайык лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү процесси көрсөтүлдү.

Сыдыков өлкөдө адистештирилген лабораторияларды өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

“Бүгүнкү күндө Казакстандын тоо-кен тармагына да кызмат көрсөткөн жеке лабораториялар бар. Алар керндерди талдоодон тартып радиоактивдүү заттарды текшерүүгө чейин кеңири спектрдеги изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Бирок айрым багыттар боюнча Кыргызстанда дагы эле адистештирилген лабораториялар жетишсиз”,-деди министр.

Ал лабораториялык инфраструктураны өнүктүрүү изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу, продукциянын сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү жана өнөр жайды андан ары өнүктүрүү үчүн маанилүү шарт экенин баса белгиледи.

Стандартташтыруу жана метрология борборунун директорунун орун басары Абдыманап Карымшаков Кыргызстанда QR-коддор менен камсыздалган санариптик сыноо протоколдорунун системасы киргизилгенин билдирди. Бул протоколдор автоматтык түрдө бирдиктүү реестрге катталат.

Анын айтымында, учурда кездемелерди сыноо өзгөчө актуалдуу болуп жатат. Үлгүлөр тандалып алынып, изилдөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин лаборатория QR-код камтылган сыноо протоколун берет. Системага катталбаган жана QR-коду жок документ жараксыз болуп эсептелет.

Ошондой эле лаборатория Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Улуттук аккредитация борбору тарабынан аккредитациядан өткөнү жана Бажы бирлигинин келишимдеринин талаптарына жооп берери белгиленди.

Иш сапардын алкагында министр Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан “Бек кабель” заводуна барды.

Бакыт Сыдыковдун айтымында, ишкана туруктуу өндүрүштүк көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатат. Завод ай сайын 1 500 тоннага чейин алюминийди, 800 тонна жезди жана 3 200 тонна пластикатты кайра иштетет.

“Ишкана 2024-жылдын 5-июлунда ишке киргизилген. Завод заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Өндүрүлгөн продукция ички рынокко гана эмес, Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөргө экспорттоого да багытталган”,-деди министр.

Ишкананын директору Кубан Бекбашев учурда заводдо 80 адам эмгектенип жатканын, алардын басымдуу бөлүгү жергиликтүү тургундар экенин билдирди. Келечекте кызматкерлердин санын 150 адамга чейин көбөйтүү пландалууда. Орточо айлык акы 50 миңден 100 миң сомго чейин түзөт.

Министр ошондой эле Токмок шаарындагы “Алдос Текстиль” текстиль комбинатына барды. Анын айтымында, бул ишкана аймактагы ири өнөр жай объектилеринин бири болот.

“Комплекстин жалпы аянты 31 гектарды түзөт. Биринчи этаптагы инвестициянын көлөмү 19,5 миллион долларга жетет. Азыркы учурда курулуш иштеринин болжол менен 60 пайызы аткарылды. Ишкананы ушул жылдын август айында ишке берүү пландалууда. Текстиль комплексинде 5 500 жумуш орду түзүлөт”, - деди Бакыт Сыдыков.

Мындан тышкары, министр тигүү тармагындагы абалга да токтолду. Анын айтымында, мурда көмүскө сектордо иштеп келген көптөгөн ишканалар акырындык менен ачык жана мыйзамдуу иш алып барууга өтүп жатышат.

“Көмүскө сектор толугу менен жок болду деп айтууга болбойт. Азыркыга чейин расмий эмес иштеп жаткан ишкерлер бар”,- деди ал.

Министр чет өлкөлүк иш сапардан кайтып келгенден кийинки тыгыз иш графиги тууралуу да айтып берди.

“Эртең менен учуп келдим. Уктагым келип жаткан, бирок азыр чарчоо өттү. Азыр Токмоктон “Кабар” агенттигине подкастка бара жатабыз, андан кийин видеоконференциям бар. Ошондон соң кесиптештерим жумуш маселелери менен келишет. Балким, кечки саат 21:00–22:00гө чейин иштейбиз”, - деди министр.

Жумуш менен үй-бүлөнүн ортосундагы тең салмак тууралуу суроого жооп берип жатып, министр жакындарынын колдоосу чоң роль ойной турганын белгиледи.

“Убактымдын көбү жумушка кетет. Бирок мүмкүнчүлүк болгондо үй-бүлөмө да убакыт бөлүүгө аракет кылам”,- деди Бакыт Сыдыков.

Белгилей кетсек, күндүн соңунда Бакыт Сыдыков “Кабар” агенттигинин подкастына катышты.

Ошентип, “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоору Экономика жана коммерция министрлигинин күнүмдүк ишин гана эмес, Кыргызстандагы өнөр жай, ишкердик жана өндүрүш секторлорунда болуп жаткан реалдуу өзгөрүүлөрдү да көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Жолугушуунун катышуучуларынын айтымында, жаңы ишканаларды ачуу, лабораторияларды модернизациялоо жана бизнести колдоо өлкөнүн экономикалык саясатынын негизги багыттары бойдон калууда.