Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жетишилген жаңы макулдашуулар эки өлкөнүн мамилесин кадимки коңшулук жана соода-экономикалык байланыштардын алкагынан чыгарып, узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы баскычына алып чыгууда. Кабыл алынган отуздан ашуун документтин өзөгүндө транспорттук байланыштарды кеңейтүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо, соода жүгүртүүнү жеңилдетүү, технология жана илим жаатындагы кызматташтык турат. Алдыда алардын Кыргызстан үчүн реалдуу экономикалык натыйжага айланышы маанилүү. Башкача айтканда, Кытай менен түзүлгөн жаңы мүмкүнчүлүктөр өлкөнүн транзиттик потенциалын күчөтүп гана тим болбостон, жаңы өндүрүштөрдү, жумуш орундарын, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү жана технологиялык өнүгүүсүн камсыз кылуусу керек.
“Ынтымак Ордо” бүгүн дүйнөнүн саясий жана экономикалык лидерлеринин бири болгон кубаттуу мамлекет - Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди кабыл алды. Бул эки лидердин 2021-жылдан берки төртүнчү жолку жолугушуусу. Чындыгында, соңку беш жылда расмий Бишкек менен Пекиндин мамилеси ар тараптуу өнүктү. Соода алакасы 30 млрд долларга чукулдап калды. Жакынкы жылдары көрсөткүчтү 40 млрд долларга чыгаруу тапшырмасы коюлган. Бул цифралардын артында өлкө бюджетине түшүп жаткан салыктар, бизнестин кирешелери, жаңы мектептер, бейтапканалар, жолдор, жумуш орундары жана айлыктар турат. Акыркы беш жылда Кытайдан Кыргызстанга тартылган түз инвестициялардын көлөмү 2 млрд долларга жакындап, Кыргызстандын жалпы инвестициясынын дээрлик 40 пайызын түздү. Бул каражат өзүн-өзү актоочу долбоорлорго салынып, пайда таба тургандай жумшалып жатканы маалым.
Демек, акыркы беш жылда коңшулардын кызматташуусу утурумдук соода-сатык менен эле чектелбей узак мөөнөттүү инвестициялык жана терең стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгууда. Ушул жана башка жетишилген ийгиликтер Кытай президенти Си Цзиньпиндин бул жолку сапарында бекемделип, кызматташтык мейкиндиги дагы да кеңейди десе болот.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы кол койгон документтердин эң маанилүүсү эки мамлекет ортосундагы түбөлүктүү ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндөгү келишим жана жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн жогорку сапатта өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларация болду. Бул документтер экономикалык жана инфраструктуралык кызматташтыктын мөөнөтүн дагы да узакка илгерилетип, туруктуу мамилелер камсыздаларын билдирет.

Жалпысынан 32 документке кол коюлду. Макулдашуулар эртелеп реалдуу долбоорлорго айланганда гана жыйынтыктар турасында сөз кылса болот. Бирок, азыртадан эле белгилөөгө татый турган чоң иштер бар. Алардын эң эле көрүнүктүүсү, чакан Кыргызстанды эле эмес дүйнө экономикасын жетектеп бара жаткан кубаттуу Кытайды да көптөн көп үмүттөндүргөн Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу. Андыктан эки өлкөнүн лидерлерин сүйлөшүүлөрүндө темир жолдун ишке ашырылышы негизги темалардын бири болду. Кытай үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк болсо, Кыргызстан үчүн өлкөнүн ондогон жылдар алдыга экономикалык өнүгүүсүнүн негизги долбоорлорунун бири.
"Кыргызстан үчүн бул жөн гана инфраструктуралык эмес, тарыхый масштабдагы долбоор. Биз ага жөн гана темир жол эмес, андан да кеңири мааниде карайбыз. Бул инвестициялар, жумуш орундары жана кыргыз бизнеси үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр дегенди билдирет”, - деди тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев.
Жээнбек Кулубаев жаңы транспорттук коридорду бойлой жаңы логистикалык борборлор, индустриалдык аянттар, кайра иштетүүчү ишканалар, кампалар жана жаңы өндүрүштөр түшүүсү керек деди.

“Ынтымак ордодо” ошондой эле кыргыз-кытай чек арасындагы “Бедел” унаа өткөрүү пунктун куруу, аны техникалык жактан жабдуу, Үзөңгү-Кууш суусунда унаалар үчүн көпүрө куруу боюнча келишимге кол коюлду. Бул Барскоон – Бедел – Үчтурпан – Аксу жолундагы маанилүү обьект. Деги эле Кыргызстан өткөрмө бекеттерди модернизациялоо, бажы процедураларын санариптештирүү, жүк, унааларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, өткөрүү үбактысын кыскартууга кызыктар. Бир сөз менен айтканда, сооданын кыймылы чек арадагы чектерге кептелип калбашы керек.
Мындан сырткары, эки мамлекеттин шаарлар арасындагы аба каттамдарды кеңейтүү пландары бар. Жаңы каттамдар туризм эле эмес, бизнес, билим берүү жана гуманитардык байланыштары үчүн маанилүү.
Ал эми каржылык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Кыргызстандын банктары кытайлык CIPS транс чек аралык банктар аралык төлөм системасына кошулмай болду. Бул эки өлкөнүн компаниялары арасында төлөм жүргүзүүнү жөнөкөйлөштүрүп, валюталык тобокелдикти азайтат.
Кол коюлган докүменттердин катарында соода-экономикалык кызматташтык, электрондук соода, медициналык жабдууларды жеткирүү, инвестициялар, электрондүк коммерция, өнөр-жай жана маалыматташтыруу, стандартташтыруу иштери бар.
“Бул документтер кыргыз-кытай экономикалык байланыштарын тереңдетүүгө, соода жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө түзөт”, -деп билдирди Экономика жана коммерция министрлиги.
Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстан өз өндүрүшүндөгү ата-мекендик продукцияларды, анын ичинен айыл чарба өнүмдөрүн кытай рыногуна экспорттоону көбөйтүүгө кызыктар. Анткени туруктуу экономикалык өсүш импорт менен эле камсыздалбайт. Бул жолу кыргыз-кытай сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кытайга жылкы экспорттоо, кой жана эчки этинен жасалган продукцияларды, мөмө-жемиштерди экспорттоодогу тийиштүү талаптар, аймактар аралык кызматташтык боюнча макулдашууларга кол коюлду.
Ошондой эле Кыргызстан санарип экономика, жогорку технологиялар, жашыл өнүгүү, жасалма интеллект жана инновациялар боюнча кызматташтыкка кызыктар. Бүгүнкү сүйлөшүүлөр спорт, дин иштери, маалымат, маданият, илимий изилдөө, жогорку билим жаатындагы бир катар документтерге да жол ачты.
Саясат таануучу Айболот Айдосовдун айтымында, Кыргызстан менен Кытай тараптын арасында кол коюлган макулдашуулар жана меморандумдардын тизмеси олуттуу. Ага ылайык эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер ишке өтүүлөрдүн жаңы практикалык баскычына чыгууда.

"Транспорт жана логистикага байланыштуу долбоорлор, анын ичинде техникалык колдоо, Бедел ашуусу боюнча кызматташтыкты кеңейтүү жана жол куруу өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Андан тышкары, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы бир тууган аймактык жана бир тууган шаарлардын байланыштарынын түзүлүшү эки тараптуу мамилелерди жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүүдө. Диний саясатты, экономикалык жана рыноктук мамилелерди, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкты камтыган келишимдер эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердеги жаңы баскычын көрсөтүп турат – бул деталдуу кызматташуу жана кызыкчылыктардын өз ара аракеттенүүсү боюнча талкуулар менен мүнөздөлөт”, - деди Айдосов.
Бул сүйлөшүүлөрдүн артында жана келечегинде бир топ иштер жана пландар турганы талашсыз жана Кыргызстан үчүн маанилүү. Кыргызстандын ички рыногу чектелүү, өндүрүш базасы анча чоң эмес жана ири инвестицияларга муктаж экени маалым. Ошол эле учурда Кытай кубаттуу каржылык, технологиялык жана өндүрүш дараметине ээ. Дал ушул себептен кытай кызматташтыгы биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Кытай менен мамиле аркылуу биз чоң капиталга, алдыңкы технологияларга жетишип миллиарддык рынокко кире алабыз.