Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында жаңы көп уюлдуу дүйнөнүн түзүмү калыптанууда. Эл аралык тартиптин начарлашы, тең салмактуулук жана өз ара көзөмөл системасынын бузулушу ШКУга мүчө мамлекеттерди өз ара аракеттенүүнүн жаңы формаларын издөөгө, ишенимдүү жана бекем байланыштарды чыңдоого түртүүдө. Мунун негизинде өнүгүүнүн кеңири евразиялык мейкиндигинин жана бөлүнгүс коопсуздуктун пайдубалы түптөлүүдө.
ШКУ түзүлгөнүнө 25 жыл өткөндөн кийин интеграциялык институттарды активдүү түзүү, соода байланыштарын чыңдоо жана биргелешкен экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу этабына өтүүдө. Эксперттер белгилегендей, тездик менен өзгөрүп жаткан дүйнө туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кыла турган чечимдерди тез арада издөөгө өтүүнү талап кылууда. ШКУ дүйнө калкынын 40 пайыздан ашыгын жана дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн дээрлик 30 пайызын бириктирерин эске алганда, бул өтө чоң масштабдагы милдет. Достук мамиледеги мамлекеттердин ишин бир багытта жүргүзүү өз ара кызыкчылыктарды эске алуу менен туруктуу координацияны талап кылат.
Эксперттер азыркы этапты өнүгүүнүн эволюциясы деп атап жатышат. Бул мезгилде ШКУ жаңы көп уюлдуу дүйнөнүн өз алдынча жана таасирдүү борборуна айланып, негизги максат – адилет мамилелердин жаңы түрүн түзүү, жалпы экономикалык гүлдөп-өнүгүүгө жетишүү жана натыйжага жетүүдөгү жалпы ыкмаларды калыптандыруу болуп саналат.

Ошондуктан Бишкектеги саммит маанилүү келишимдерди жыйынтыктап, аларга кол коюу үчүн гана эмес, эки тараптуу интенсивдүү жолугушууларды өткөрүү үчүн да аянтча болду. Бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө негизги маселелер талкууланып, такталып, компромисстерге жетишилип, жалпы ыкмалар макулдашылды.
Кыргызстандын борборунда ШКУнун лидерлери уюмдун келечекте туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган 30дан ашык биргелешкен документти кабыл алышты. Алар портторду жана логистикалык борборлорду өнүктүрүү, энергетикалык системаларды өркүндөтүү, терроризмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү механизмдерин бекемдөө, климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттенүү, эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу сыяктуу глобалдык багыттарды камтыйт.
Кол коюлган документтердин мазмуну саммиттин жыйынынын протоколундагы шарттуу аталыштарга караганда кыйла кеңири. ШКУ дээрлик бардык тармактарга тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча позицияларды жакындатууга багыт алууда, бул милдеттенме жыйынтыктоочу декларацияда бекитилди.
Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө ШКУнун мейкиндиги блоктук ой жүгүртүүдөн жана тирешүүдөн эркин болуп, ишенимди бекемдөө, тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн аянтча болуп кызмат кылышы керек экенин белгиледи.
"Мамлекеттердин заманбап технологияларга тең укуктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маанилүү, анткени санариптик теңсиздик жаңы бөлүп-жаруучу чекке айланбашы керек", - деген президент Жапаров кесиптештерин ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү маселесин практикалык жактан чечүүгө көңүл бурууга чакырды.

"ШКУнун 25 жылдыгында биздин жалпы милдетибиз – чейрек кылымдык жолду жыйынтыктоо менен гана чектелбестен, уюмдун тарыхынын кийинки барагын – туруктуу тынчтыктын, биргелешкен өнүгүүнүн жана жалпы гүлдөп-өнүгүүнүн барагын ачуу. Элдерибиздин кызыкчылыктарына жооп берген макулдашылган чечимдерди иштеп чыга аларыбызга ишенем. Юбилейлик жыл уюмдун өнүгүүсүнүн жаңы этабынын башаты болсун", – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Дагы бир маанилүү багыт – транспорттук жана логистикалык өз ара байланыштарды чыңдоо болду. Бул жааттагы негизги мисалдардын бири катары өлкө башчысы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун атады.
Өз кезегинде Кытай төрагасы Си Цзиньпин ШКУ эл аралык мамилелердин келечегин калыптандырууга активдүү таасир этүү менен тарыхый жоопкерчиликти өзүнө алышы керектигин билдирди. Анын айтымында, дүйнөдө болуп жаткан, акыркы жүз жылда болуп көрбөгөндөй терең өзгөрүүлөр тездеп жатат. Ошол эле учурда Кытай адилеттүү экономикалык байланыштарды, сооданы жана инвестицияларды, энергетикалык системалардын өз ара байланыштуулугун, анын ичинде жасалма интеллект, санариптик экономика жана "жашыл" өнөр жай сыяктуу жаңы багыттардагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр жана мындан ары да колдойт.
Кытайдын лидери ошондой эле аймактык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана аны иш жүзүндө ишке ашырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө, анын сапатын жана деңгээлин жогорулатууга ниетин ачык билдирди.

"Биз чоң же кичине экенине карабастан, бардык мамлекеттердин тең укуктуулугу принцибин карманууга, аймактык маселелерди биргелешип талкуулап, чечүүгө, айырмачылыктарды сактоо менен жалпы пикирлерди издөөгө, карама-каршылыктарды жана пикир келишпестиктерди диалог жана консультациялар аркылуу жөнгө салууга жана көп тараптуу кызматташтык аркылуу жалпы чакырыктарга биргелешип жооп берүүгө тийишпиз", – деди Си Цзиньпин.
Россиянын президенти Владимир Путин ШКУ 25 жыл аралыгында чындап эле чоң жолду басып өтүп, көп уюлдуу дүйнөнүн таасирдүү борборуна айланганын билдирди.

"Шанхай кызматташтык уюмунун катышуучулары саясатта, экономикада жана гуманитардык чөйрөдө жигердүү кызматташууда. Мындай өз ара аракеттенүү мамлекеттерибиздин ар биринин ырааттуу жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга жардам берип, жалпы Евразия континентибизде тынчтык жана туруктуулук, ишеним жана кызматташтык чөйрөсүнүн калыптанышына өбөлгө түзөт", – деди Владимир Путин ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында.
Саясат таануучулар ШКУга мамлекеттик түзүлүшүнүн түрү ар башка, маданий жана диний өзгөчөлүктөрү менен айырмаланган элдер жашаган өлкөлөр киргенине карабастан, мамлекеттер биргелешип өнүгүүнүн өз жолун тапканына көңүл бурушат. Мында айрым айырмачылыктар жалпы максаттарга жетүүгө жана туруктуу, стабилдүү келечекти курууга тоскоолдук жаратпайт.
Бүгүнкү күндө ШКУнун үй-бүлөсүнө анын толук кандуу мүчөсү болгон 10 мамлекет кирет. Мындан тышкары, дагы 17 өлкө диалог боюнча өнөктөш жана байкоочу макамына ээ.
ШКУнун өнүгүү мейкиндиги түндүк деңиздерден Инди океанына чейин, Евразиянын чыгыш четинен Перс булуңуна жана Араб жарым аралына чейин созулат. Бул – күч-кубатын жана экономикалык мүмкүнчүлүгүн арттырып жаткан борбор.
Бишкекте өткөн ШКУ саммитинин жыйынтыктары боюнча өз пикирин "Кабар" агенттигине тарых илимдеринин кандидаты, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы, саясат таануучу Эсен Усубалиев билдирди.

"Кол коюлган келишимдер ШКУнун мындан аркы эволюциялык өнүгүүсүн көрсөтүп турат. Башкача айтканда, ал интеграциясы кыйла тереңдеген, инклюзивдүү экономикалык-технологиялык мейкиндикке карай багыт алууда. Бул мейкиндикте аймактык жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу, экономикалык жана өнөр жай интеграциясы боюнча жалпы түшүнүк калыптанууда. Ошондой эле жалпы евразиялык мейкиндикке чыга турган бирдиктүү санариптик контур түзүлүүдө. XXI кылымда ШКУ континенттин гана эмес, глобалдык өнүгүүнүн күн тартибин талкуулоо жана калыптандыруу боюнча маанилүү форумдардын бирине айланып баратканы айкын. ШКУнун жалпы мейкиндигинде бүгүн байкалып жаткан тенденцияларды эске алганда, уюмдун алкагында калыптанып жаткан процесстер жаңы, кыйла адилеттүү дүйнөлүк тартиптин түзүлүшүнө фундаменталдык таасирин тийгизет деп айтууга болот", – деп жыйынтыктады Эсен Усубалиев.
Коомдук жана саясий ишмер, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов "Кабар" агенттигине берген комментарийинде ШКУ аймактык маселелерге гана таасир эткен уюм болбостон, конструктивдүү күн тартиби менен глобалдык деңгээлге чыгып жатканын белгиледи.

"Бишкек саммити биздин лидерлердин жалпы руханий баалуулуктарга, өз ара урматтоого жана ишенимге негизделген биримдигин дагы бир жолу көрсөттү. Саммит уюштуруучулук жана мазмундук жактан эң жогорку деңгээлде өттү. Кыргызстан өзүнүн милдетин татыктуу аткарды. Күн тартибине 28 маселе киргизилген. Алардын бардыгы эч кандай пикир келишпестиктерсиз кабыл алынып, макулдашылды. Алгач эксперттердин жана министрлердин деңгээлинде каралып, эми мамлекет башчыларынын деңгээлинде бекитилди.
Бүгүн дүйнөлүк саясатта болуп жаткан бардык кыйынчылыктарга, айрым мамлекеттердин бир уюлдуу дүйнөнүн үстөмдүгүн сактап калууга умтулуусуна карабастан, ШКУнун саммити көп уюлдуулук өзүнчө бир көрүнүш катары калыптанганын көрсөттү деп айта алабыз. Бул лидерлердин сөздөрүндө жана сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө да белгиленди. Саммит элдерибиздин жана лидерлерибиздин руханий жакындыгын, ошондой эле 2001-жылы жарыяланган "Шанхай руху" сакталып гана калбастан, өнүгүп, тереңдеп жатканын көрсөттү", – деп баса белгиледи Аликбек Жекшенкулов.
ШКУ жаңы дүйнөнүн бир уюлу гана болбостон, өзүнө тартуучу борборго да айланууда. Уюм менен кызматташууга кызыккан мамлекеттердин саны өсүп жатат. Бул жерде күчтүүнүн укугу жана экономикалык диктат жок, мамилелер улуттук кызыкчылыктарды урматтоо жана өз ыктыяры менен кызматташуу негизинде түзүлүүдө.
Эксперттер белгилегендей, Кыргызстан төрагалык кылган мезгилде өнүгүүнүн жаңы институттарын бекемдөө боюнча чоң иштерди аткарып, ШКУ саммитин татыктуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө кызматташуунун маанилүү багыттары аныкталды.