Кыргызстан Индия менен экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү көздөйт

Экономика 7 сентябрь 2026 16:40
Кыргызстан Индия менен экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү көздөйт
copyright icon WWW

Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Индиянын ортосунда соода-экономикалык жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Бүгүн министринин орун басары Медербек Туманов Кыргызстандын Ченнай шаарындагы ардактуу консулу Пракаш Рао менен жолугушту.

Тараптар соода, инвестиция, өнөр жай, билим берүү жана фармацевтика тармактарындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Жолугушууда өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, өндүрүштүк потенциалды кеңейтүүгө жана Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.