Кыргызстан менен Венгрия ветеринария жаатында кызматташат

Экономика 743 24 Ноябрь 2025 12:33
IMG_0482.JPG
IMG_0481.JPG
IMG_0483.JPG
IMG_0480.JPG
IMG_0479.JPG
Алдыга
Артка
IMG_0482.JPG
IMG_0481.JPG
IMG_0483.JPG
IMG_0480.JPG
IMG_0479.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. 21-ноябрда Будапешт шаарында Кыргызстан менен Венгриянын соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйыны өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйын Кыргызстандын экономика министри Бакыт Сыдыков жана Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин эки тараптуу мамилелер боюнча мамлекеттик катчысы Богларка Иллештин төрагалыгы алдында өттү.

Жыйын эки тараптуу мамилелердин келечегин талкуулоо жана Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө боюнча маанилүү аянтча болуп эсептелинет.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар соода-инвестициялык кызматташтыкты, агрардык жана өнөр жай кооперациясын, санариптештирүүнү, авиацияны, энергетиканы, транспортту жана гуманитардык алмашууларды камтыган экономикалык күн тартибинин кеңири багыттарын карашты. 

Иш-чаранын жыйынтыгында комиссиянын 4-жыйынынын протоколуна жана Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Венгриянын Айыл чарба министрлигинин ортосунда ветеринария жана ветеринардык көзөмөл жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.