Жаңы конуштар жана жогорку кабаттар: Бишкекте дизайн-кодду иретке келтирүүнүн II этабы эмнелерди камтыйт?

Коом Загрузка... 22 Октябрь 2025 17:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Соңку жылдары Бишкек шаарында көрктөндүрүү жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер кызуу жүрүүдө. Анын алкагында калаанын жашыл аймактарын кеңейтүү, көчөт отургузуу, бак-дарактарды көбөйтүү иштери аткарылып келет. Ошондой эле жолдорду оңдоо, жаңы тротуарлар менен веложолдорду куруу, коомдук жайларды жаңылоо иштери да активдүү жүрүүдө.

дизайн код.jpg

Мындан тышкары, борбордун сырткы келбетин жакшыртуу максатында дизайн-код иштелип чыгып, анын алкагында имараттардын, көрнөк-жарнактардын жана фасаддардын стили бирдиктүү формага келтирилип жатат.

WhatsApp Image 2025-10-22 at 11.46.24.jpeg

Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгын шаардык дизайн бөлүмүнүн башкы адиси Айжамал Усупованын айтымында, Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы тарабынан буга чейин Бишкек шаарында дизайн-код боюнча иретке келтирүү иштеринин биринчи этабы аяктап, учурда анын экинчи этабы башталууда.

“Биринчи этапта имараттардын биринчи кабаттарында жайгашкан объектилерге маани берилген. Тактап айтканда, фасаддардагы мыйзамсыз курулуштарды, жарнактарды, конструкцияларды алып салуу жана имараттардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча ишкерлер жана тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада, учурда көптөгөн ишкерлер шаардык талаптарга ылайык өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө киришти. Белгилей кетүүчү жагдай биринчи этапта дизайн-код боюнча иретке келтирүү иштери калаанын борбордук көчөлөрүндө гана жүргүзүлгөн. Себеби, бул аймактар шаарга келген коноктор эң биринчи көрө турган, эл көп жүргөн жерлер. Ошондуктан биз алгач борбордук бөлүктү иретке келтирүүнү максат кылганбыз.

диз код 2.webp

Эми экинчи этапта шаар четиндеги жаңы конуштар жана башка аймактар камтылат. Учурда бул райондордо жашоочулар менен түшүндүрүү, маалымат берүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ар бир аймак белгиленген тартип менен, ирети менен ишке ашырылат. Долбоордун негизги максаты - талап коюп жазалоо эмес, түшүндүрүү жана алдын алуу иштери аркылуу шаарды көрктөндүрүү. Учурда негизги басым түшүндүрүү жана алдын алуу иштерине жасалган. Бирок, бир нече жолу эскертүү берилгенине карабастан, талаптар аткарылбаса, мыйзамга ылайык тиешелүү административдик чаралар көрүлөт”, - деди ал.

архитектура.jpg

Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын башкы сүрөтчүсү Сыймык Рысбек уулу белгилегендей, биринчи этапта негизинен имараттардын биринчи кабаттарында жайгашкан объектилерге көңүл бурулса, экинчи этапта экинчи кабаттан жогору бөлүктөр каралат.

“Имараттардын биринчи кабатында, негизинен, коммерциялык объектилер жайгашкан. Алардын айрымдары өз алдынча тосмолорду, тепкичтерди жана башка кошумча курулуштарды жасап алышкан. Биз ал мыйзамсыз курулуштарды алып салдык. Бүгүнкү күндө Манас жана Чүй проспектилерин, ошондой эле Жусуп Абдрахманов көчөсүн карасаңыздар, бул иштердин жыйынтыгын көрүүгө болот. Экинчи этапта болсо имараттардын биринчи кабатынан жогору бөлүктөрү каралат. Бул кабаттарда негизинен жашоочулардын батирлери жайгашкан. Бул этапта кондиционерлерди бир сызыкта орнотуу, фасаддарга тартылган интернет жана электр зымдарын иретке келтирүү, декоративдик торлор менен жабуу, уруксатсыз айнектелген балкондорду жана кошумча курулуштарды мыйзам чегинде жөнгө салуу иштери жүргүзүлөт. Бул иштер этап-этабы менен жүргүзүлүп, жыл соңуна чейин жыйынтыкталат.

диз код.webp

Азыркы учурда кайсы аймактарда, кайсы убакта иштер жүргүзүлө турганы боюнча Бишкек шаарынын мэриясына сунуш бердик. Ал жакта так график түзүлгөн, кайсы жерде эмне убакта иштер жүргүзүлө турганы көрсөтүлгөн. Мэрия карап чыгып, макулдашкандан кийин бул тууралуу шаар тургундарына толук маалымат берилет”,-деди ал.