Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Кыргызстандын агросектору жаңы өнөктөштүктөрдүн босогосунда турат. 18-21-февраль күндөрү өтө турган "Агродиалог–2026" агроөнөр жай форумунда 100дөн ашуун меморандумга кол коюлушу күтүлүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул келишимдер инвестиция тартууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана ата мекендик продукциянын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталат.
Форумга өлкөнүн бардык аймактарынан 2500дөн ашуун дыйкан-фермер, ишкер жана эксперт катышат. Ошондой эле Катар, Кытай жана коңшу мамлекеттерден келген адистер да кошулуп, агрардык тармактагы алдыңкы тажрыйбалар менен бөлүшүшөт.
Күн тартибинде сугат системаларын модернизациялоо, жогорку түшүмдүү үрөндөрдү жайылтуу, мал чарбасындагы инновациялар, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жана экспорттук логистиканы кеңейтүү маселелери каралат. B2B форматындагы жолугушуулар ишкерлерге түз келишимдерди түзүүгө жана узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилелерди баштоого шарт түзөт.
Форум 18–19–20-февраль күндөрү саат 09:00дөн тартып К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өтөт. Ал эми 21-февралда жыйынтыктоочу бөлүк Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда салтанаттуу форматта уюштурулат.
Мындан тышкары, республика боюнча өсүмдүк өстүрүү багытында 20, мал чарбачылыгы боюнча 20 чемпион аныкталып, мыкты дыйкан-фермерлердин эмгеги даңазаланат.