Жаңы инвестицияларды тартуу: Кыргызстан Ислам корпорациясына мүчө болушу мүмкүн

Экономика Загрузка... 19 Июнь 2026 10:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Финансы министрлиги

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Кыргызстан Инвестицияларды жана экспорттук кредиттерди камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясынын (ICIEC) курамына кириши мүмкүн. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Баку шаарында өтүп жаткан Ислам өнүктүрүү банкы тобунун Жылдык жыйынынын алкагында финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов аталган корпорациянын башкы директору доктор Халид Халафалла менен жолугушту. Сүйлөшүүнүн башкы темасы - Кыргызстандын бул эл аралык уюмга мүчө болуп кириши болду.

Жолугушууда белгиленгендей, жакынкы аралыкта корпорациянын Башкаруучулар кеңешинин жыйыны өтүп, анда Кыргызстандын мүчөлүккө кабыл алуу боюнча өтүнмөсүн жактыруу маселеси каралат.

"Өлкөнүн бул уюмга кошулуусу жаңы инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ата мекендик экспорттук потенциалды өнүктүрүүгө жана эл аралык экономикалык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы кызматташтыктын конкреттүү механизмдерин кеңири талкуулоо үчүн корпорациянын делегациясы Кыргызстанга расмий сапар менен келери күтүлүүдө.