Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Жаңы Чыгыш айланма унаа жолун декабрда пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Көк-Жар айылынан башталган узундугу 16 чакырымды түзгөн жаңы Чыгыш айланма унаа жолунун курулушу жүрүүдө. Бул акы төлөнүүчү автомагистраль болуп саналат. Долбоор ишке ашкандан кийин шаардын чыгыш багытындагы унаа агымы азайып, жол кыймылынын өткөрүмдүүлүгү жогорулайт.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Атай Муратбек көчмө жыйында Иманалиев көчөсүндөгү реконструкция иштеринин жүрүшүн да текшерди. Учурда жалпы узундугу 5 чакырым болгон көчөнүн 2 чакырымдык бөлүгүндө курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Реконструкция аяктагандан кийин көчө эки тилкелүү болуп, жолдун туурасы 8 метрди түзөт. Ошондой эле эки тарабында туурасы 1,5 метрден тротуарлар, ирригациялык система жана заманбап тышкы жарыктандыруу орнотулат.
Ошондой эле Муромская көчөсүнүн Алыкулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө да курулуш иштери жүрүүдө. Бул тилкеде жолдун туурасы 14 метр, ал эми эки тарабындагы тротуарлардын туурасы 3 метрди түзөт. Атай Муратбек подряддык уюмдун өкүлдөрү менен биргеликте аныкталган маселелерди чечүү үчүн шаардын профилдик кызматтарына ыкчам тапшырмаларды берди.