Жашыл транспорт: Бишкек мэриясынын экологиялык таза шаарга карай кадамы

Коом Загрузка... 09 Декабрь 2025 18:18
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Соңку жылдары Бишкек мэриясы коомдук транспортту жакшыртуу боюнча бир нече ири долбоорлорду ишке ашырып жатат. Учурда жаңы автобустар сатып алынып, айрым көчөлөргө кошумча линиялар ачылды. Бул иш-аракеттер шаар ичиндеги жүргүнчүлөрдүн кыймылын жеңилдетип, коомдук транспортко болгон ишенимди арттырууга багытталган.

автобус 5.webp

Мындан тышкары, электр автобустарын колдонууга басым жасалып, экологиялык жактан таза транспорт каражаттарын киргизүү иши жүрүүдө. Жаңы автобустар шаардагы эң көп жүргүнчү каттаган багыттарга бөлүштүрүлүп, элге ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатат.

автобус 3.jpg

Ошондой эле айдоочуларды кайра даярдоо, автобус токтоочу жайларды жана тейлөө борборлорун куруу, жолдорду оңдоо сыяктуу маселелер да параллелдүү түрдө ишке ашырылууда. Бул иштердин бардыгы шаардыктардын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүшүн камсыздоого багытталган.

автобус.webp

Бишкек шаарынын маалыматына караганда, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишимдин алкагында, 2024-жылдын январь айында Бишкек шаарына жаратылыш газында иштеген “Golden Dragon” маркасындагы 124 автобус жеткирилген.

автобус 1.jpg

Мындан тышкары, Германия өнүктүрүү банкы аркылуу Anadolu Isuzu Otomotiv Sanayi ve Ticaret A.Ş. компаниясы чыгарган 17 даана 12 метрлик автобус алынып, экспресс №153 маршрутуна коюлган.

автобус 6.jpg

Жылдар боюнча бөлүп караганда:

  • 2022-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 120 автобус;
  • 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 449 автобус;
  • 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 500 автобус сатып алынган;
  • 2025-жылдын башында Германия өнүктүрүү банкы аркылуу кошумча 68 даана заманбап автобус алып келинген.

Мындан сырткары, Азия өнүктүрүү банкы менен биргелешкен долбоордун алкагында 2025-жылы Бишкек шаарына 120 экологиялык таза электробус жеткирилген. Ошондой эле быйыл Жашыл шаар долбоору аркылуу 95 даана Yutong үлгүсүндөгү автобус да Бишкекке алынып келүүдө.

Ошондо учурда Бишкек шаарында 1 миң 352 автобус жана 120 электробус бар. Муну менен катар Административдик-аймактык реформанын алкагында шаарга жаңы кошулган аймактарды тейлөө үчүн 7–8 метрлик 300 даана кичи өлчөмдөгү автобусту алуу пландалып, каралууда.

автобус 10.webp

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов “Кабар” агенттигине билдиргендей, кичи автобустардын ордуна жаңы чоң автобустар сатып алынып, бул өзгөрүү экологияга чоң салым кошуп жатат.

автобус 9.jpg

“Мурда шаарда бензин жана дизель менен жүргөн, кичинекей маршруткалар көп болчу. Азыр болсо акырындап заманбап, экологиялык жактан таза жана элге ыңгайлуу чоң автобустарга өтүп жатабыз. Коомдук транспорт багытында чоң жылыштар бар. Жаңы линиялар ачылып, шаар тургундарынын жүрүүсү жеңилдеди. Бирок, айрым райондордо транспорт жетишсиздиги байкалууда. Бул маселелерди дагы чечүү зарыл. Жарандардын пикири да жакшы болуп жатат. Жаңы автобустар жаштар, улгайган адамдар, кош бойлуулар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн абдан ыңгайлуу. Эми бул ишти мындан ары дагы өнүктүрүү керек”,-деди ал.

Шаардыктарга ыңгайлуулук түзүү менен катар калаа мэриясы экологиялык көйгөйлөрдү да чечүүдө. Жаңы автобустар экологиялык талаптарды да эске алуу менен тандалууда. Автобустар жана электробустар шаардагы абанын булгануусун азайтууга өбөлгө болот.

автобус 8.jpg

Эколог Анара Султангазиеванын айтымында, электробустарды ишке киргизүү учурдун талабы жана Бишкектин кыш мезгилиндеги ыш маселесин чечүүгө жасалган кадам.

“Төрт жыл мурун мен Алматыда болуп, заманбап аялдамаларды жана электробустарды көрүп, абдан суктанганмын. Эми мындай өзгөрүүлөр биздин өлкөдө да ишке ашып жатканына кубанып турам. Электробустардын артыкчылыктары көп. Алар мобилдүү, ылдам, ыңгайлуу жана коопсуз. Заманбап электробустар жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу кондиционери бар, экологияга таптакыр зыянсыз, жыты да, түтүнү да жок. Ыш көйгөйүн эске алганда, шаардыктар өздөрү деле электромобилдерге өтүп жатышат. Мамлекет электробустарды сатып алып жатканы жакшы көрүнүш”, - деп белгиледи эколог.

автобус 4.jpg

Бишкек шаарына жаңы автобустардын алып келиниши - мэриянын активдүү аракеттеринин жыйынтыгы. Шаар тургундарына ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында мэрия ири долбоорлорду ишке ашырып жатат.