Жакында ири ГЭС жана күн станциялары ишке кирет: Мөөнөттөрү

Коом 445 01 Июнь 2026 09:00
image-01-06-26-08-35-6.jpeg
image-01-06-26-08-35-5.jpeg
image-01-06-26-08-35-4.jpeg
image-01-06-26-08-35-2.jpeg
image-01-06-26-08-35-1.jpeg
image-01-06-26-08-35.jpeg
image-01-06-26-08-35-7.jpeg
image-01-06-26-08-35-8.jpeg
image-01-06-26-08-35-9.jpeg
image-01-06-26-08-35-10.jpeg
image-01-06-26-08-35-11.jpeg
image-01-06-26-08-35-12.jpeg
Алдыга
Артка
image-01-06-26-08-35-6.jpeg
image-01-06-26-08-35-5.jpeg
image-01-06-26-08-35-4.jpeg
image-01-06-26-08-35-2.jpeg
image-01-06-26-08-35-1.jpeg
image-01-06-26-08-35.jpeg
image-01-06-26-08-35-7.jpeg
image-01-06-26-08-35-8.jpeg
image-01-06-26-08-35-9.jpeg
image-01-06-26-08-35-10.jpeg
image-01-06-26-08-35-11.jpeg
image-01-06-26-08-35-12.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Энергетика министринин орун басары Салават Садыракунов өлкөдөгү кайра жаралуучу энергия жана гидроэнергетика багытындагы ири долбоорлордун курулуш аянтчаларын кыдырды.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш сапардын негизги максаты - объектилердин сапаттуу курулушун жана бекитилген графиктердин сакталышын жеринде көзөмөлдөө болду.

Жакынкы айларда өлкөнүн энергетикалык тутумуна кошула турган стратегиялык объектилердин ишке кирүү мөөнөттөрү төмөндөгүдөй:

  • "РЭЦА" күн электр станциясы (1-фаза): Кубаттуулугу 150 МВт болгон бул ири станциянын биринчи этабы үстүбүздөгү жылдын июнь айынын ортосунда аяктоо алдында турат.
  • Орто-Токой ГЭСи: Кубаттуулугу 21 МВтты түзгөн станциянын курулушу жыйынтыктоочу баскычка жетти. Объектти пайдаланууга берүү боюнча даярдык иштери июль айына чейин толук бүтөт.
  • "Бишкек Солар" күн электр станциясы (1-этап): Кубаттуулугу 100 МВт болгон бул долбоордун биринчи кадамы ушул жылдын август айында пайдаланууга берилет.

Министрдин орун басары курулуш иштеринин сапатына туруктуу көзөмөл жүргүзүүнү жана графиктен кечигүүлөргө жол бербөөнү катуу тапшырды.