"Жаштык" аренада Кыргызстан жаштар кыймылынын кеңсеси ачылды

Коом Загрузка... 26 Февраль 2026 17:42
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Бүгүн "Жаштык" аренада Кыргызстан жаштар кыймылынын кеңсесинин салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бишкек мэриясы жаштар саясатын өнүктүрүү жана жаш лидерлердин демилгелерин колдоо максатында заманбап иш алып баруучу жаңы жай бөлүп берди.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов жана парламент депутаттары катышты.

Калаа башчысы Айбек Жунушалиев куттуктоо сөзүндө бул кадам жаштардын потенциалын ачууга чоң өбөлгө болорун белгиледи.

"Бул жөн гана кеңсенин ачылышы эмес, бул жаңы идеялардын, креативдүү демилгелердин жана келечекке болгон ишенимдин эшиги. Өлкөбүздүн жаштар саясатынын өнүгүшүндөгү бул маанилүү кадам жаштарыбыздын мамлекеттик деңгээлдеги чечимдерге катышуусун күчөтөт", — деди мэр.

Салтанаттын алкагында Кыргызстан жаштар кыймылынын төрагасы Жакшылык Бекназаров уюмдун стратегиялык пландары жана жакынкы аралыкта ишке ашырыла турган долбоорлору тууралуу презентация жасады.

Белгилей кетсек, "Жаштык" аренадан атайын кеңсенин берилиши — муниципалитет менен жаштар уюмдарынын ортосундагы институционалдык кызматташтыктын жаңы баскычы болуп калды. Бул чечим жаштардын коомдук иштерге активдүү аралашуусуна жана пайдалуу социалдык долбоорлорду ишке ашыруусуна ыңгайлуу шарт түзөт.