Жаштардын өнүгүү индекси: Кыргызстанга эл аралык стандарттар киргизилди

Коом 2 февраль 2026 11:15
Жаштардын өнүгүү индекси: Кыргызстанга эл аралык стандарттар киргизилди
copyright icon WWW

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда жаштардын бакубаттуулугун баалоо глобалдык индекси, ошондой эле жаштардын бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн индекси эл аралык инструменттери киргизилди. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдарга ылайык, жаштардын бакубаттуулугун жана өнүгүү индексин аныктоо боюнча изилдөөлөр эки жылда бир жүргүзүлөт. Акыркы изилдөө 2025-жылы жүргүзүлүп, анын жыйынтыктары 2026-жылдын 23-январында жарыяланган.