Кырчындагы тайган жарышынын жыйынтыгы жана кызыктуу фактылар

Көчмөндөр оюндары-2026 4 сентябрь 2026 14:45
WhatsApp Image 2026-09-04 at 11.34.16 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-04 at 11.46.31.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-04 at 11.34.16 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-04 at 11.46.31.jpeg
Алдыга
Артка

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар/. Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тайган жарышы өтүп, ага кыргыз тайгандары да катышты.

Кыргыз кумайык федерациясынын жетекчиси, тажрыйбалуу тайганчы Таалай Шүкүров тайгандардын мелдештеги көрсөткүчтөрү тууралуу айтып берди.

“Кыргыз тайганы экинчи орун алып калды. Ал эми биринчи орунду Өзбекстандын тайганы алды. Бирок биздин кыргыз тайгандар легионер болуп ошолордун атынан чуркап беришти”,-деди ал.

Ал ошондой эле өзүнүн тайгандары тууралуу да айтып өттү.

“Менин эки тайганым дагы жарышка катышты. Булар келечектеги чемпиондор. Жаңы кошулуп жатышат. Анткени менен жакшы жыйынтык көрсөтүштү. Кумар Кыргызстан ичиндеги мелдеште 3- орунду алды.
Ал эми Кумайык бир жашта, эң жаш тайгандардын бири. Жарышка аралашып, тажрыйба топтоп жатат. Биринчи жарышта бешинчи болду. Мунун энеси былтыркы чемпионатта Кыргызстан ичинде байгелүү орун алган”, — деди Таалай Шүкүров.