Жаш төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды – жеңүүчүлөр

Маданият 07 Июль 2026 12:30
740754067_1494812571957749_6240299873360658093_n.jpg
739230922_996827069892225_5400308187639589194_n.jpg
742215243_1035162512355168_2800343985457692982_n.jpg
741454288_1771726690655914_4157581761711264951_n.jpg
739917783_1007027572132734_6261974438183302750_n.jpg
739774043_1023134786968550_570928738230860460_n.jpg
741627707_1533329721794224_4987111600112426802_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 07.07.26 /Кабар/. Республикалык “Жаш таңдай – 2026” айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, сынакка өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген жаш төкмө акындар катышты.

Калыстар тобунун чечими менен төмөндөгүлөр жеңүүчү аталышты:

— Баш байге — Актилек Кулпейишов;

— I орун — Фарида Султанжанова;

— II орун — Кубаныч Жамадилов;

— III орун — Сыймык Искаков.

Ошондой эле жаш акындарды колдоо максатында атайын сыйлыктар ыйгарылды:

— Байэл Макулбековго “Кең-Арал” коому тарабынан Өзбекстанга жолдомо;

— Айтурган Суранчиевага “Музыка” телеканалы тарабынан Өзбекстанга жолдомо;

— Баяман Шакеновго “Музыка” телеканалы тарабынан сыналгы тапшырылды.

Белгилей кетсек, айтыш президенттин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу максатында кыргыз улуттук “Манас” театрынын демилгеси менен өткөрүлдү.