Бишкек, 10.04.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде заманбап эстакадалык көпүрөнү камтыган ири транспорттук түйүн куруу пландалууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгына ылайык, бул стратегиялык долбоорду ишке ашыруу үчүн 64 объектти бузууга туура келет. Алардын арасында:
- Жеке менчик жер тилкелери;
- Убактылуу пайдаланууга берилген муниципалдык жерлер;
- Ала-Арча дарыясынын суу коргоо зонасында жайгашкан объектилер бар.
Учурда чарбалык субъекттердин ээлерине тиешелүү эскертмелер берилип, түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы келишимдери мыйзам чегинде токтотулган объектилерди демонтаждоо иштерин баштады.
Бишкек шаарынын мэриясы мамлекеттик актысы (кызыл китеби) бар жер ээлерине альтернативдүү жер тилкелерин же акчалай компенсация төлөп берүүнү сунуштайт.
Белгилей кетсек, жолдорду реконструкциялоонун алкагында 2026-жылдын I кварталында шаар боюнча 246 жеңил типтеги жана 152 капиталдык курулуш демонтаждалган.