Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Маалымат өнүгүүнүн негизги ресурсу гана болбостон, коомдук пикирди калыптандырууда, эл аралык кызматташтыкты жана мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөөдө маанилүү фактор болуп саналат. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин медиафорумунда Өзбекстан президентинин администрациясынын ЖМК үчүн контент даярдоо борборунун директору Кобулжон Ахмедов билдирди.
Ал өз сөзүндө Кыргызстанга иш-чараны жогорку деңгээлде уюштурганы жана салттуу меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.
"Бүгүнкү күндө дүйнө технологиялык, маалыматтык жана геосаясий ири өзгөрүүлөрдү баштан кечирүүдө. Медиа каражаттары жөн гана окуяларды чагылдыруу менен гана чектелбестен, элдер ортосунда диалог жүргүзүүнүн, маданий өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүүнүн жана туруктуу өнүгүүнүн маанилүү инструменти болуп калды", — деди ал.
Ошондой эле ал ШКУ дүйнөдөгү ири эл аралык уюмдардын бири экенин белгилеп, мүчө мамлекеттерди ар кандай маданият, тил жана цивилизация бириктирип турса да, алардын жалпы максаты туруктуулукту камсыз кылуу, кызматташтыкты өнүктүрүү жана коңшулаштыкты чыңдоо экенин кошумчалады.
Ахмедов белгилегендей, бул шартта өз ара урматтоо, объективдүүлүк жана ишеним принциптерине негизделген заманбап маалыматтык мейкиндикти түзүү өзгөчө мааниге ээ. Ал медианын негизги милдети коомду бириктирүү экенин баса белгилеп, жалган маалыматтарга каршы туруу жана конструктивдүү эл аралык диалог маданиятын калыптандыруу зарылдыгын айтты.
Сөзүндө ал Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги астында ачык маалыматтык мейкиндикти өнүктүрүү, ЖМКларды колдоо жана санариптик технологияларды киргизүү боюнча реформалар ишке ашырылып жатканына токтолду.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө мультимедиялык контент активдүү өнүгүп, санариптик инфраструктура кеңейип, онлайн-платформалардын жана социалдык тармактардын аудиториясы өсүүдө. Ошондой эле заманбап шартта иштей алган жаңы муундагы журналисттерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулууда.
Мындан сырткары, ал дүйнөлүк медианын өнүгүшүндө жасалма интеллект өзгөчө орунду ээлеп жатканын белгиледи. Ал белгилегендей, жасалма интеллект маалыматтарды талдоону жеңилдетип, материалдарды даярдоону тездетип, контентти жекелештирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Бирок бул багытта маалыматтын аныктыгы, автордук укуктарды коргоо, алгоритмдердин ачыктыгы жана этикалык колдонуу сыяктуу маселелер глобалдык деңгээлде талкууланып жатканын кошумчалады.
"ШКУга мүчө мамлекеттер бул багыттагы көйгөйлөрдү биргелешип чечүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ", — деди ал.
Жыйынтыгында Кобулжон Ахмедов санариптик трансформация адамдын кызыкчылыгына кызмат кылып, коомдор ортосундагы ишенимди бекемдөөгө жана туруктуу өнүгүүгө салым кошушу керектигин белгиледи. Ал медиафорум маалыматтык кызматташтыктын жаңы деңгээлин калыптандырууда маанилүү кадам болоруна ишенимин билдирип, Өзбекстан ШКУга мүчө мамлекеттер менен медиа, санариптик коммуникация жана маалымат алмашуу тармагында активдүү кызматташууга даяр экенин тастыктады.