Жардамдан өнүгүүгө карай: Үч жылдык социалдык келишимдин жыйынтыгы

Коом Загрузка... 08 Декабрь 2025 14:55
IMG-20251110-WA0151_82Cbzt8.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Кыргызстанда 2022-жылы башталган социалдык келишим долбоору үч жыл ичинде жакыр үй-бүлөлөрдү колдоонун эң жемиштүү инструменттеринин бири катары өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди. Программа жакырчылыктын чегинде жашаган үй-бүлөлөрдүн материалдык бакубаттуулугун жогорулатууга, алардын ишкердик мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө жана экономикалык өз алдынчалыгын чыңдоого багытталган.

2

Төлөмдөрдүн суммасынын өсүшү жана камтуунун кеңейиши

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, ушул жылдын март айына чейин социалдык төлөмдүн өлчөмү 100 миң сомду түзгөн. 2022-жылдан 2024-жылга чейинки мезгилде 32 миң 226 үй-бүлө социалдык келишим алган.

Президент Садыр Жапаровдун колдоосунун аркасында, 2025-жылдын мартынан тартып, төлөмдүн суммасы 150 миң сомго чейин көбөйтүлдү. Төлөмдөр көтөрүлгөндөн кийин, программага кошумча 10 миң 185 үй-бүлө кошулду. Катышуучулардын 70%дан ашыгы каражатты айыл чарбасын өнүктүрүүгө, өндүрүшкө, соодага жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө жумшаган.

Белгилей кетсек, төлөмдүн суммасынын 150 миң сомго чейин көбөйүшү үй-бүлөлөрдүн программага активдүү катышуусуна маанилүү стимул болуп, үй чарбаларынын материалдык абалын жакшыртууга, алардын эмгек жана мүлктүк потенциалын кеңейтүүгө, ошондой эле чакан бизнести өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

2025-жылы 13 миң 333 жакыр үй-бүлө 150 миң сом өлчөмүндөгү социалдык келишимди ала алышты. 2025-жылдын 1-октябрына карата республика боюнча 10 миң 185 социалдык келишим түзүлгөн.

Пайызсыз насыя берүү программасынын пайда болушу

2024-жылдан баштап социалдык келишимдин ийгиликтүү катышуучулары үчүн кошумча колдоо чарасы — үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейинки пайызсыз насыя берүү киргизилди. Насыялар "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" мамлекеттик банктары аркылуу берилет.

Насыя ишкердиктин каалаган чөйрөсүнө берилет, ошол эле учурда жеңилдетилген мезгил каралган: алгачкы үч айда төлөө талап кылынбайт. Мамлекет кошумча түрдө банктык чыгымдардын 4%ын жабат.

3

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 105 ийгиликтүү катышуучу пайызсыз насыя алган. 2025-жылы социалдык келишимдин 1000 катышуучусуна ушундай насыя берүү мүмкүнчүлүгү каралган. Ушул жылдын 2-сентябрына карата 680 жаран бул колдоо чарасын колдонуп үлгүрдү.

4

Программаны каржылоо жана анын социалдык таасири

Үч жыл ичинде социалдык келишимдин алкагында үй-бүлөлөрдү колдоого республикалык бюджеттен 3 млрд 398 млн 300 миң сом бөлүнгөн. Кошумчалай кетсек, Дүйнөлүк банк дагы 3 миң үй-бүлөнүн катышуусун каржылаган. Жыйынтыгында, 2022–2024-жылдар аралыгында 35 миң 226 социалдык келишим түзүлгөн.

Бюджеттик каражаттардын жылдар боюнча бөлүштүрүлүшү:

  • 2022-жылы — 292 млн сом (2800 үй-бүлөгө берилген);
  • 2023-жылы — 1 млрд 36 млн сом (10 миң үй-бүлөгө берилген);
  • 2024-жылы — 2 млрд 70 млн 300 миң сом (19 426 үй-бүлөгө берилген).

Программа үч жылга чейинки мөөнөткө түзүлөт. Бул убакыттын ичинде катышуучулар ар кандай багыттарда бизнес-долбоорлорду ишке ашырышты:

  • 73,3 пайыз — айыл чарбасы;
  • 13,8 пайыз — өндүрүш ишмердүүлүгү;
  • 6,7 пайыз — соода;
  • 6,2 пайыз — кызмат көрсөтүү чөйрөсү.
5

Мониторингдин маалыматтары боюнча, катышуучулардын 94,2%ы — аялдар, алар негизинен айыл жергесинде жашашат. Катышуучулардын үй-бүлөлөрүндө жалпысынан 119 миң 509 бала жашайт. Долбоорлорду ишке ашыруунун аркасында 43 миңге жакын кошумча жумуш орундары түзүлүп, 190 миңден ашык адамдын жашоо шарты жакшырды.

2025-жылга карата актуалдуу маалыматтар

Ведомство белгилегендей, ушул жылдын 10-ноябрына карата республика боюнча 12 миң 201 социалдык келишим түзүлгөн. Долбоорлордун эң көп саны айыл чарбасына туура келди — 9373. Кызмат көрсөтүү чөйөсүндө 1112 долбоор, өндүрүштө 925, соодада 727 долбоор ишке ашырылууда.

6

Программанын 12 миң 201 катышуучусунун 10 миң 902си аялдар, бул социалдык келишимдин аялдарды экономикалык колдоодо жана аялдардын ишкердигин өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун баса белгилейт. 2025-жылга программанын катышуучулары үчүн 13 миң 333 адамдык квота белгиленген.

Социалдык келишим Кыргызстанда жакыр үй-бүлөлөрдү колдоо жаатындагы негизги программалардын бири болуп калды. Ал үй-бүлөлөргө жакырчылыктан чыгууга гана жардам бербестен, чакан бизнести өнүктүрүүгө түрткү берип, финансылык туруктуулукту жогорулатат, жаңы жумуш орундарын түзөт жана айыл аймактарынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

7

Пайызсыз насыя берүү программасы бул таасирди күчөтүп, түзүлгөн долбоорлордун туруктуулугун жана аларды узак мөөнөттүү өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Социалдык келишимди ишке ашыруунун натыйжалуулугу сандык көрсөткүчтөр менен да, ошондой эле республика боюнча миңдеген үй-бүлөлөрдүн жашоо сапаты бир топ жакшырган ийгиликтүү реалдуу окуялар менен да тастыкталууда.