Экопсихология: Жаратылышта эс алуу стресстен арылтат

Коом Загрузка... 08 Июнь 2026 09:30
WhatsApp Image 2026-01-16 at 16.19.29 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Азыркы учурда адамдар жаратылыш менен байланыштын үзүлүшүнүн кесепеттерине барган сайын көбүрөк туш болууда. Бул өз кезегинде психологиялык абалга жана стресстин деңгээлине терс таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу Венгриянын Index порталына берген маектешүүсүндө психолог жана экопсихология боюнча адис Лука Михалецки билдиргенин АЗЕРТАЖ жазды.

Эксперттин айтымында, экопсихология адамды курчап турган чөйрөдөн толугу менен обочолонгон жандык катары эмес, чоң табигый системанын бир бөлүгү катары карайт. Мындай ыкма адамдардын эмоционалдык абалы алардын жаратылыш менен болгон мамилесинин сапаты менен тыгыз байланышта экенин түшүндүрөт.

Михалецки жаратылыш койнунда көп болуу тынчсызданууну азайтууга көмөктөшөрүн, эмоционалдык чарчоону жеңүүгө жардам берерин жана курчап турган дүйнөгө болгон таандык сезимди күчөтөрүн белгиледи. Ал ошондой эле климаттын өзгөрүшү жана табигый чөйрөнүн бузулушунан улам келип чыккан "эко-тынчсыздануу" жана "экологиялык күйүт" сыяктуу кубулуштарга кызыгуу өсүп жатканына токтолду.

Адистин пикиринде, жаратылыш менен байланышты калыбына келтирүү жашоонун сапатын жакшыртуунун негизги куралдарынын бири боло алат. Бул жерде кеп таза абада сейилдөө гана эмес, адамдын өзү ажырагыс бөлүгү болгон экосистема менен өз ара байланышын тереңирек аңдап билүүсү тууралуу болуп жатат.