Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Бирдиктүү терезе" автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизет.
Ведомстводон маалымдашкандай, бул Кыргызстанда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында иштелип чыгууда.
Белгиленгендей, жаңы санариптик платформа мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын камсыздап, убакытты үнөмдөөгө жана бюрократияны азайтууга багытталган. Анын жардамы менен төмөнкү иштерди үйдөн же кеңседен чыкпай туруп аткарууга болот:
- документтерди толугу менен электрондук түрдө тапшыруу;
- жөнөтүлгөн кайрылуулардын жана арыздардын каралуу процессине онлайн көз салуу;
- лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди түз интернет аркылуу алуу.
Белгилей кетсек, юридикалык жактар жаңы системада толук кандуу иштеши үчүн алдын ала булуттук электрондук санариптик кол тамга алып коюулары зарыл. Бул кол тамга тутумга кирүүдө жана документтерди расмий тастыктоодо колдонулат.