Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ачык форматта жумуш күнүн өткөрдү.
Токтобаев иш күнүн "Биринчи радиодогу" түз эфирден баштады. Ал журналисттерге бүгүнкү күнү бир аз өзгөчө башталып жатканын айтты.
"Жумуш күнү расмий баштала электе, тагырагы, эртең мененки саат тогузга чейин эле мен келип түшкөн каттар менен таанышып чыгууга үлгүрөм. Министрлик абдан чоң, суроолор көп, ошондуктан кийин негизги жумушка толугу менен өтүү үчүн келген бардык каттарды алдын ала карап чыгууга аракет кылам", – деди министрликтин башчысы.
Акыл Токтобаев ар бир күн бири-бирине окшобой турганын кошумчалады. Анын айтымында, ведомствонун өзгөчөлүгү көптөгөн ар кыл маселелерди камтыгандыктан, жумуш сапарлары көп болот, ушундан улам иш ыргагы дайыма абдан динамикалуу бойдон калат.

Андан соң ведомство башчысы министрлер кабинети менен видеоконференция байланыш форматындагы жумушчу жыйынга катышты. Анданг соң дароо Кыргыз геологиялык кызматынын архивине барып, анда республиканын жер катышын геологиялык изилдөөлөрдүн акыркы 50 жылдык уникалдуу фонддук материалдары, жалпысынан 14 миңге жакын отчет сакталып турганын айтты. Учурда министрлик бул документтерди электрондук форматка жигердүү өткөрүүдө.
"Азыркы учурда материалдардын 36%га жакыны санариптештирилди. Сканерлөө жана маалыматтарды санариптик алып жүрүүчүлөргө көчүрүү процесси уланууда. Келечекте архивди толугу менен санариптештирүүнү пландап жатабыз, бул маалыматка жетүүнү кыйла жеңилдетет жана аны кийинки иштетүүнү тездетет", – деп баса белгиледи министр.

Андан ары Акыл Токтобаев журналисттер менен бирге №118 орто мектепке барды. Ал жерден жылытуу тутумунун иши менен таанышып, энергиянын альтернативдүү булактарына өтүүнүн жыйынтыктарын текшерди.
"Ышка каршы күрөшүү боюнча жалпы саясаттын алкагында биз жылытуунун альтернативдүү булактарына өтүп жатабыз. Бул – ыш менен күрөшүүнүн ыкмаларынын бири. Биз азыр мурда көмүр казандары колдонулган мектептин аймагына келдик, эми бул жерге жылуулук насостору орнотулду", – деди министр.
№118 мектептеги тутумдун ишинин жыйынтыгын баалап жатып, Жаратылыш министрлигинин башчысы анын натыйжалуулугун баса белгиледи.
"Албетте, натыйжа бар. №118 мектептин өзүндө бул өзгөчө байкалат: жылытуунун альтернативдүү тутумуна өтүүнүн аркасында биз көмүр менен жылытуудан кеттик жана зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышы дээрлик жокко эсе. Негизги натыйжа мына ушунда", – деди ал.

Жумуш күнүн жыйынтыктап жатып, Акыл Токтобаев ЖМК өкүлдөрү менен бирге Мраморное айылындагы тигүү калдыктарын кайра иштетүүчү фабрикага барды.
Өз кезегинде тигүү калдыктарын кайра иштетүүчү фабриканын директору Аскатбек Мажитов Бишкекте текстиль өнөр жайы, өзгөчө тигүү тармагы жакшы өнүккөнүн айтып берди. Мэриянын статистикасы боюнча, шаардан күнүнө орто эсеп менен 50 тоннага жакын кездеме кыйындылары жана калдыктары чыгат.
"Биз 100гө жакын тигүү фабрикасы менен келишим түзүп, алардан бул тигүү калдыктарын сатып алып жатабыз", - деди Аскатбек Мажитов.
Ал түшүндүргөндөй, фабрикада алгач калдыктар тытылып, ватин алынат, андан кийин материал ийне менен тешүүчү жабдыктан өтүп, андан термокийиз өндүрүлөт. Даяр термокийиз түрмөк түрүндө Казакстанга жөнөтүлөт. Фабрика директорунун айтымында, учурда термокийизге суроо-талап жогору жана ал матрац, боз үй жасоодо, ошондой эле жылуулоо жана ызы-чуудан коргоо үчүн колдонулат.

Мындан тышкары, Аскатбек Мажитовдун айтымында, ишкана кайра иштетилген чийки заттан килем жана жайнамаздарды чыгарууну жолго койгон.
"Ушундай жол менен биз калдыктарга экинчи өмүр тартуулап жатабыз. Азыркы учурда күнүнө үч тоннага жакын калдыкты кайра иштетебиз. Учурда жаңы жабдыктарды сатып алып, кайра иштетүү көлөмүн сегиз тоннага чейин көбөйтүүнү пландап жатабыз", – деп жыйынтыктады ал.