Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу механизми – видео

Коом Загрузка... 26 Ноябрь 2025 09:05
copyright icon Улуттук банк

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Улуттук банк жарандардын насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу механизмин түшүндүргөн видео менен бөлүштү.

Видеодо "Түндүк" мобилдик тиркемесинде өзүнө-өзү тыюу салуу кызматын кантип иштетүү же өчүрүү боюнча этап-этабы менен көрсөтмөлөр берилген.

Жарандын насыялык бутум түзүүгө өзүнө өзү-тыюу салуу механизми төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

  • алдамчылыктын алдын алуу;
  • акча-каражаттарды сактап калуу;
  • соттук териштирүүнү болтурбоо;
  • насыя алууда негиздүү чечимдерди кабыл алуу.