Бишкек, 11.12.25 /Кабар/. Жарандарга үйдөн чыкпай туруп онлайн-консультация алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын төрагасы Акжол Калбеков билдирди.
Юридикалык жардам кызматындагы санариптештирүү иштерине ал төмөндөгүчө токтоло кетти.
“Быйылкы жылы кызматты санариптештирүү системасына өзгөчө көңүл бөлүндү. Жарандарга үйдөн чыкпай туруп онлайн-консультация алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ошондой эле 114 акысыз байланыш линиясы активдүү иштеп жатат. Жасалма интеллекттин негизинде jardam.kg платформасы түзүлүп, ал аркылуу жарандар өз суроолоруна жооп алып, юридикалык үлгүдөгү документтерди алышууда.
Онлайн кызмат ишке киргенден тарта онлайн кайрылуулардын саны көбөйдү”,-деди.