Жарандардын президентке кайрылуулары көз жаздымда калбайт – Кенжебаев

Коом 16 Апрель 2026 16:25
672688239_122207772320368081_6798642240303906651_n.jpg
672430321_122207772452368081_1802083138802910138_n.jpg
Алдыга
Артка
672688239_122207772320368081_6798642240303906651_n.jpg
672430321_122207772452368081_1802083138802910138_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Жарандардын президентке кайрылуулары көз жаздымда калбайт. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев иш сапардын жыйынтыгы боюнча атайын жыйында айтты.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйынга акимдер жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты. Облус башчысы түшкөн ар бир кайрылуу тиешелүү тармактар боюнча бөлүштүрүлүп, өз убагында аткарылышы керектигин эскертти.

Жыйында Аманкан Кенжебаев президенттин эл менен болгон жолугушууларында жалпы 1800дөн ашуун суроо-талап түшкөнүн белгилеп, ар бир райондо көтөрүлгөн маселелерге өзүнчө токтолду.

"Жарандар тарабынан көтөрүлгөн маселелердин аткарылышын жеке көзөмөлүмө алам. Ар бир суроо-талап көз жаздымда калбашы керек", — деп баса белгиледи Аманкан Кенжебаев.

Ошондой эле облус башчысы жарандар тарабынан көтөрүлгөн маселелердин аткарылышын жеке көзөмөлүнө аларын билдирип, тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди. Мындан сырткары жыйында облус аймагында учурда аткарылып жаткан иштердин жүрүшү жана алдыдагы пландар талкууланып, жооптуу тараптарга так милдеттер жүктөлдү.