Жарандар элдик дарыгерлерге айласыздан гана ишенип барат – адис

Коом 386 04 Март 2026 17:15
NazarNews_f833a9033c7fa349c953b012512c683d.jpg
3_tq6aWkx.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
Алдыга
Артка
NazarNews_f833a9033c7fa349c953b012512c683d.jpg
3_tq6aWkx.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Элдик дарыгерлерге көп учурда жарандар оорунун айынан улам, айласыздан гана ишенип барат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө Саламаттык сактоо министрлигинин Лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Аман Осмонов билдирди.

Анын айтымында, дүйнөлүк медицина плацебо эффектиси 20% гана учурда байкалат. Эгер адам кадимки С витаминин керемет дары деп чын дилден ишенип ичсе, ал убактылуу жеңилдикти сезиши мүмкүн.

“Адамдар айласы кеткенде дарылоочуларга кайрылышат. Айрымдары рак оорусунун төртүнчү стадиясын да айыктырабыз деп айтышат. Бирок реалдуу карасак, эгер элдик дарыгерлер дүйнөлүк медицина жеңе албаган ооруну айыктыра алышса, алар эчак эле Нобель сыйлыгына татыктуу болмок”, - деп баса белгиледи Аман Осмонов.

Адис жеке турмушунан мисал келтирип, ата-энеси онкологиялык оорудан каза болгонун айтты. Ошол учурда туугандары үмүттөнүп салттуу эмес медицинага кайрылууну сунушташкан. Анын айтымында, дал ушундай учурларда адамдар көбүнчө алдамчылардын курмандыгына айланышат.

“Мындай “дарыгерлердин” курмандыктары чанда гана учурда арыз жазышат же укук коргоо органдарына кайрылышат. Анткени алар өз ыктыяры менен дарыланганга барышканын ойлошот же кайгылуу жыйынтыкты сөзсүз боло турган өлүм катары кабыл алышат”, — деди ал.

Осмонов мыйзамдуу медициналык ишмердүүлүк сегиз баскычтуу текшерүүдөн өтүүнү талап кыларын эске салды.

Саламаттык сактоо министрлигинен лицензия алуу үчүн адис төмөнкүлөргө ээ болушу керек:
- тиешелүү медициналык билим;
- санитардык нормаларга жооп берген ылайыктуу имарат;
= керектүү жабдуулар;
- асептика жана антисептика эрежелерин так сактоо жана башка талаптар.

“Лицензия ушул талаптар толук аткарылган учурда гана берилет”, — деп кошумчалады адис.