Бишкек, 22.09.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясында сүйлөп жатып, АКШ президенти Дональд Трамптын дүйнө жүзүндөгү өкмөттүк эмес уюмдарды каржылоону токтотуу чечимине токтолду.
Мамлекет башчысы бул чечим өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ички иштерине жана саясатына бейөкмөт уюмдардын кийлигишүүсүн азайтканын белгиледи.
“Учурдан пайдаланып, ушул багытта кесиптешим, Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп мырза бийликке келгенде саясий чечим менен дүйнө жүзү боюнча НПОлорду каржылоону токтотконун белгилей кетейин. Натыйжада өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ички ишине жана саясатына бейөкмөт уюмдардын кийлигишүүсү дээрлик токтоду”, — деди Садыр Жапаров.
Анын айтымында, Трамптын бул чечими мамлекеттердин суверендүүлүгүн сактоого жана өз алдынча өнүгүү жолун тандоосуна шарт түздү.
“Ошондуктан бүгүнкү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Трамп мырзага дүйнө боюнча бейөкмөт уюмдарды каржылоону токтоткондугу үчүн ыраазычылыгымды билдирип кетким келет”, — деди президент.