Бишкек, 22.09.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясында сүйлөп жатып, дүйнө алдында турган чакырыктарды биргелешкен аракеттер аркылуу чечүүгө чакырды.
Мамлекет башчысы коопсуз, адилеттүү жана туруктуу келечекти мамлекеттердин кызматташуусу аркылуу гана курууга болорун белгиледи.
“Биз өзгөрүүлөрдүн жаңы доорунун босогосунда турабыз. Андыктан коопсуз, адилеттүү жана туруктуу келечекти биргелешкен аракеттер аркылуу гана кура алабыз. Планетабыздын жана келечек муундардын тагдыры — ар бирибиздин жоопкерчилигибиз”, — деди мамлекет башчысы.
Президент Кыргызстан быйыл эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилеп жатканын айтып, бул аралыкта өлкө ар түрдүү кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн белгиледи.
“Бул мезгилдин аралыгында өлкөбүз ар түрдүү кыйынчылыктарды башынан өткөрдү, бирок биз тирешүүнүн ордуна кызматташтыкты, кыйроонун ордуна жаратууну тандап, туруктуу өнүгүү жолуна түштүк.
Баарыбыз бир нерсени унутпашыбыз керек: тынчтык өзүнөн-өзү орноп калбайт.
Ошондуктан, сөзүбүздү ишке, адамдардын жашоосун өзгөрткөн жана жаратылышты сактоого багытталган конкреттүү кадамдарга айланталы.
Келиңиздер, диалог куралдан күчтүү, бири-бирибизди урматтоо коркунучтан жогору, ал эми эки тараптуу кызматташтыктар адамзат үчүн чыныгы натыйжа алып келген дүйнөнү бирге куралы.
Биз тирешүүнүн ордуна кызматташтыкты, кыйроонун ордуна жаратууну тандап, туруктуу өнүгүү жолуна түштүк”, — деди Садыр Жапаров.