Бишкек, 22.09.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров БУУнун чечимдерин системалуу түрдө аткарбоо учурларын кароодо Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн вето укугун ыктыярдуу чектөөнү сунуштады.
Ал эгер БУУнун чечимдерин аткаруу механизми туруктуу мүчөлөр тарабынан вето укугу аркылуу системалуу бөгөттөлсө, бул уюмдун Уставына жана мүчө мамлекеттердин бирдей жоопкерчилигине шайкеш келбей каларын белгиледи.
“Уюмдун чечимдерин аткарууга байланыштуу маселелерде вето укугун колдонууну ыктыярдуу түрдө чектөө мүмкүнчүлүгүн кайрадан карап чыгышыбыз керек. Мындай тажрыйба бардык мамлекеттердин теңдигине, дипломатиянын артыкчылыгына жана кош стандарттардан качууга негиз болот”, — деди президент.
Мамлекет башчысы бул демилгени ишке ашыруу үчүн БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында кызыкдар мамлекеттердин катышуусунда ачык жумушчу топ түзүүнү сунуштады. Аталган топ өкмөттөр аралык консультацияларды өткөрүп, сунушталган механизмдин мүмкүн болгон моделдери боюнча отчет даярдамакчы.
Жапаровдун айтымында, демилгенин негизги максаты — БУУнун чечимдерин саясий сунуш катары эмес, аткарылууга тийиш болгон чыныгы эл аралык милдеттенмелер катары кабыл алууну камсыз кылуу.
“Биз Кыргызстан мындай механизмди иштеп чыгуу боюнча мамлекеттер аралык талкууларды баштоого даярбыз. 2027-жылдын 1-январынан баштап БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү катары бул сунуштардын баарын расмий түрдө киргизебиз”, — деди Садыр Жапаров.