Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров БУУнун чечимдерин аткаруу боюнча жаңы механизм түзүүнү жана Туруктуу реестр киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу мамлекет башчысы БУУнун Башкы ассамблеясынын дебаттарында сөз сүйлөп жатып билдирди.
Президент өз сөзүндө Бириккен Улуттар Уюмунун чечимдеринин системалуу түрдө аткарылбай жатышы көп тараптуулук идеясынын мыйзамдуулугун бузуп, эл аралык укуктун кабыл алынышын начарлатып жатканын билдирди.
Мамлекет башчысы БУУнун ыйгарым укуктарын бекемдөө жана чечимдердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн жаңы жоопкерчилик механизмин киргизүүнү сунуштады.
Президент БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында резолюциялар менен милдеттенмелердин аткарылышын көзөмөлдөгөн Туруктуу коомдук реестрди түзүүнү демилгеледи. Аталган реестр БУУнун катчылыгы тарабынан көз карандысыз эксперттердин катышуусунда иштетилип, төмөнкү милдеттерди аткармакчы:
- Системалуу текшерүү: Кабыл алынган чечимдердин аткарылуу деңгээлин туруктуу жазып жана текшерип туруу;
- Милдеттүү отчеттуулук: Мүчө-мамлекеттерге бекитилген стандарттарга ылайык үзгүлтүксүз отчет берүү милдетин жүктөө;
- Аналитикалык сереп: Тармактар жана аймактар боюнча тереңдетилген серептерди даярдоо;
- Ачык-айкындуулук: Бардык мамлекеттер үчүн маалыматтарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.
Садыр Жапаров БУУнун чечимдерин аткарбаган мамлекеттерге карата этап-этабы менен жооп берүү механизмин сунуштады:
- 1-этап: Өлкөгө расмий билдирүү жөнөтүү жана БУУнун тиешелүү органдары менен консультацияларды өткөрүү;
- 2-этап: Тоскоолдуктарды баалоо жана сунуштарды даярдоо үчүн өлкөгө мониторинг миссиясын жиберүү;
- 3-этап: Маселени Башкы ассамблеянын пленардык жыйынында карап, мамлекеттин БУУ чечимдерин аткаруу статусун аныктоо;
- 4-этап: Талаптарды аткарбагандарга БУУнун Уставынын алкагында, анын ичинде Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизүү аркылуу чектөөчү чараларды колдонуу.
Мамлекет башчысынын айтымында, акыркы этапта БУУнун программаларына катышууга убактылуу чектөөлөрдү киргизүү, кызматташуу форматтарын кайра карап чыгуу жана башка дипломатиялык чараларды көрүү каралат.