Бишкек, 23.09.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров экинчи жолу катары менен БУУда дүйнөлүк тартипке жана дүйнөлүк өнүгүүнүн келечегине байланыштуу олуттуу билдирүүлөрдү жасап, чакан мамлекеттердин эл аралык саясаттагы ролун күчөтүү жана алардын өнүгүүсүнө көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүү зарылдыгын айтты. Бул тууралуу коомдук жана саясий ишмер, профессор Зайнидин Курманов “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Жапаров чакан мамлекеттерге идеологиялык тирешүүлөрдүн жана ар кандай геосаясий ажырымдардын кереги жок экенин белгилеп, алардын тынч жашап, өнүгүүнү кааларын айтты.
“Экинчи жолу катары менен Жапаров БУУну да, бүт дүйнөнү да дүйнөлүк тартипке, дүйнөнүн өнүгүү келечегине байланыштуу олуттуу билдирүүлөрү менен таң калтырууда. Ал чакан мамлекеттердин саясаттагы ролун күчөтүү, алардын өнүгүүсүнө азыркыдан да көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын айтып жатат.
Чакан мамлекеттерге идеологиялык тирешүүлөрдүн, ар кандай геосаясий ажырымдардын кереги жок. Алар жөн гана тынч жашап, өнүгүүнү каалашат, эл аралык жана дүйнөлүк чыр-чатактарга катышкысы келбейт”, — деп белгиледи Курманов.
Курмановдун пикиринде, Садыр Жапаровдун БУУдагы сөзүндө дүйнөлүк тартипти өзгөртүү, чакан мамлекеттердин үнүн күчөтүү жана эл аралык уюмдун ролун жогорулатуу боюнча маанилүү маселелер көтөрүлдү.
Анын айтымында, бул маселелерди чечүү үчүн БУУну реформалап, мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкка көбүрөөк көңүл буруу зарыл.
“Бул жерде Бириккен Улуттар Уюму реформаланышы зарыл. Жаңы, принципиалдуу чечимдерди кабыл алуу керек.
Президенттин БУУдагы сөзү кыска болду, бирок абдан жүйөлүү деп ойлойм. Аны баары угуп, мамлекетибиздин позициясын түшүнүштү”, — деди Зайнидин Курманов.