Жаңы сатып алына турган Airbus A321 учактарынын дизайны көрсөтүлдү

Коом 5 февраль 2026 15:13
625438384_1191679056459827_1637793486430928686_n.jpg
625038190_1191679099793156_6981796460844994780_n.jpg
625850524_1191679059793160_292165345153724829_n.jpg
Алдыга
Артка
625438384_1191679056459827_1637793486430928686_n.jpg
625038190_1191679099793156_6981796460844994780_n.jpg
625850524_1191679059793160_292165345153724829_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon "Кыргызстан аэропорттору" ААК

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. "Кыргызстан аэропорттору" ААК жана Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы жыл ичинде эл аралык каттамдарды аткаруу үчүн сатып алына турган Airbus A321 учактарынын жаңы фирмалык дизайнын тааныштырды.

Компаниядан билдиришкендей, учактардын сырткы жасалгасы авиакомпаниянын заманбап көрүнүшүн, улуттук өзгөчөлүгүн жана эл аралык каттамдарды өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык багытын чагылдырат. Дизайнга асманды, алдыга умтулууну жана Кыргызстандын дүйнө менен байланышын билдирген элементтер камтылган.

"Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жаңы дизайндагы A321 учактарынын ишке кириши өлкөнүн жарандык авиациясынын тарыхындагы маанилүү этап болорун белгиледи.

"Биз сапат жактан жаңы деңгээлге чыгып жатабыз. Airbus A321 — бул алыска учуу, ыңгайлуулук жана ишенимдүүлүк дегенди билдирет. Ал эми учактарыбыздын жаңы көрүнүшү — бул эл аралык аэропорттордогу Кыргызстандын жүзү. Биз Asman Airlines компаниясынын асманда биринчи көз караштан эле таанымал болушун каалайбыз", - деди ал.

Белгиленгендей, учактарды сатып алуу жана эл аралык каттамдарды ишке киргизүү жүргүнчүлөр, туризм жана ишкердик байланыштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, ошондой эле Кыргызстандын аймактагы заманбап авиациялык держава катары имиджин бекемдейт.